Айсулуу, жеңишиң кут болсун!
Айсулуу Кыргызстандын спорт тарыхында күрөш боюнча дүйнө чемпиондугун жеңген биринчи спортчу болду. Тыныбекова 20-сентябрда кыз-келиндердин эркин күрөшү боюнча 62 килограммга чейинки салмакта, алтын байге үчүн болгариялык Тайбе Мустафа Юсеин менен күч сынашып, жеңишке жетти. “Азаттык” шаар туругундарынын бул мелдеш тууралуу микрофон сунуп, куттуктоолорун укту.