Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:01

УКМК Атамбаевдин иштен алынган жансакчысы боюнча маалымат берди


Алмазбек Атамбаев жана Канат Сагымбаев.
Алмазбек Атамбаев жана Канат Сагымбаев.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жансакчысы, Канат Сагымбаевдин иштен алынышы боюнча маалымат таратты.

Анда айтылгандай, УКМКнын өздүк коопсуздук кызматы Канат Сагымбаевге карата эки кызматтык териштирүү ишин жүргүзгөн. Июль айында К.Сагымбаев кайтаруудагы объект жок учурда жетекчиликтин кызматтык куралды, атайын техниканы гаражга тапшыруу көрсөтмөсүн аткарбай койгон. Анын жыйынтыгында ага толук эмес кызматтык шайкештик жарыяланган.

Ал эми 2019-жылдын сентябрь айында жүргүзүлгөн кызматтык териштирүүнүн жыйынтыгында УКМКнын ички жоболоруна карабастан, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен байланышка барган.

“Кызматтык териштирүүлөрдүн жыйынтыгында К.Сагымбаев “Кызматтык дал келбестик” беренесинин негизинде коопсуздук органдарынан бошотулду”, - деп жазылат атайын кызматтын маалыматында.

Буга чейин адвокат Замир Жоошев Атамбаевди туулган күнү менен куттуктаганы үчүн Сагымбаев УКМКдагы 9-кызматтан кеткенин жазган.

7-8-августта Кой-Таш айылындагы үйүндө мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы жүргөн. Анда мурдагы президенттин тарапташтары каршылык көрсөтүп, эл менен кагылышуунун натыйжасында УКМКнын «Альфа» атайын түзүмүнүн кызматкери, полковник Үсөнбек Ниязбеков курман болгон. Ар түрдүү жараат алган 100гө жакын адам ооруканага кайрылган.

Ушул окуялардан кийин Атамбаевдин жансакчысы Канат Сагымбаев Аскер прокуратурасына күбө катары сурак берип чыккан. (КЕ)

XS
SM
MD
LG