Москва шаардык соту 20-сентябрда актёр Павел Устиновдун бөгөт чарасын жумшартуу боюнча прокуратуранын арызын карайт. Бул тууралуу Устиновдун адвокаты Анатолий Кучерена «Интерфакс» маалымат агенттигине билдирди.
Москвадагы Тверь райондук соту 16-сентябрда Устиновду 3,5 жылга эркинен ажыраткан. Ал 3-августта, Москвада таза шайлоого чакырган митинг өтүп жаткан аймакка жакын жерде камакка алынган. Устиновго «аны кармоо учурунда Улуттук гвардиянын жоокерине кол салган, денесине залал келтирген» деген айып коюлган. Устинов болсо акцияга катышпаганын, болгону ошол учурда метронун жанында досун күтүп турганын билдирген.
Москвада 18-сентябрда Устиновду колдогон акция өткөн. Президенттик администрациянын алдына чогулган жүздөй адам актёрду бошотууну талап кылган плакатты ар бири бир мүнөттөн, улам кезектешип көтөрүп турган.
Орусиядагы бир катар белгилүү өнөрпоздор дагы камактагы актёрду колдогон онлайн-флешмоб өткөргөн.