Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:17

Дүйнөлүк күрөш чемпионаты: Айпери Медет кызы мелдештен четтеди


Айпери Медет кызы.
Айпери Медет кызы.

Кыргызстандык балбан Айпери Медет кызы күрөш боюнча дүйнө чемпионатында мелдештен четтеди. Ал кыз-келиндер күрөшүнөн 76 килограммга чейинки салмакта килемге чыккан.

Медет кызы алгачкы беттешинде болгариялык Мария Оряшкованы 10:0 эсебинде жеңди. 1/8 финалында ал Олимпиада оюндарынын чемпиону, канадалык Эрика Элизабет Уибеге 5:0 эсебинде жеңилип мелдештен четтеди.

Айпери Медет кызы жана канадалык Эрика Элизабет Уибе (көк кийимчен). Казакстан, Нур-Султан шаары, 18-сентябрь, 2019-жыл.
Айпери Медет кызы жана канадалык Эрика Элизабет Уибе (көк кийимчен). Казакстан, Нур-Султан шаары, 18-сентябрь, 2019-жыл.

Бул күнү 57 килограммга чейинки салмакта күрөшкөн Нураида Анаркулова да килемге чыгып, алгачкы кармашында норвегиялык Грейс Якоб Булленге 0:6: эсебинде жеңилип, мелдештен четтеди.

Эртең, 19-сентябрда Айсулуу Тыныбекова мелдешке чыгат. Мында ал 62 килограммга чейинки салмакта күрөшөт.

Спорттук күрөш боюнча дүйнө чемпионаты 14-сентябрда башталган. Алгач грек-рим күрөшүнөн мелдештер өтүп, кыргызстандык балбан Атабек Азисбеков 5-орунду ээлеп, 2020-жылы Токиодо өтө турган Олимпиада оюндарына жолдомо утту.

20-сентябрда эркин күрөштөн мелдештер башталат. Кыргызстандын курама командасы 8 салмак боюнча күч сынашат.

Бул чемпионатта 2020-жылы Токиодо өтө турган Олимп оюндарына жолдомо ойнотулууда. Тактап айтканда грек-рим күрөшү (60, 67, 77, 87, 97 жана 130 кг), эркин күрөш (57, 65, 74, 86, 97 жана 125 кг) жана кыз-келиндер күрөшүнөн (50, 53, 57, 62, 68 жана 76 кг) алты салмак категориясы боюнча алдыңкы беш орунду ээлегендерге жолдомо берилет. Мелдеш 22-сентябрда жыйынтыкталат. (GT)

XS
SM
MD
LG