Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:50

Баткен: Чек арада Кыргызстандан бир жоокер каза болуп, 13 адам жаракат алды


Баткендеги кыргыз-тажик чек арасындагы ок атуудан кыргызстандык бир аскер каза болуп, 13 адам жараат алды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз катчысы Гүлмира Бөрүбаева билдирди. Анын айтымында, жарадарлардын жетөө аскер адамдары, ал эми алты адам Лейлектеги Максат айылынын тургундары.

- Жараат алгандардын ичинен эки аскердин абалы өтө оор. Калган 11 киши Башкы штабдын аскердик-транспорттук учагы менен Бишкекке жеткирилет, - деп билдирди мекеменин өкүлү.

Гүлмира Бөрүбаева учурда чек ара аймагында кырдаал салыштырмалуу туруктуу экенин, бүгүн эки өлкөнүн чек ара кызматтарынын өкүлдөрү сүйлөшүү өткөрө турганын кошумчалады.

Сүйлөшүүнү Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматынын башкы штабынын башчысы Абдикарим Алимбаев жетектесе, Тажикстандан ага бул өлкөнүн Чек ара аскерлеринин командачысынын биринчи орун басары Хикматтулла Пиратов катышат.

16-сентябрда кечке маал Баткен облусунун Лейлек районундагы Максат айылына жакын жерде атышуу болгон.

Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы жаңжалда тажик тарап биринчи болуп ок атып, минометтон аткылаганын билдирүүдө.(BkA)

XS
SM
MD
LG