Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:52

Саудияда мунай өндүрүшүн азайткан чабуул


Дрондон коюлган чабуулдан кийин өрттөнүп жаткан мунай кени. Сауд Арабиясы.
Дрондон коюлган чабуулдан кийин өрттөнүп жаткан мунай кени. Сауд Арабиясы.

Сауд Арабиясынын мунай кендерине коюлган чабуулдан кийин бул өлкөдө кара май өндүрүү дээрлик эки эсе азайып кетти.

Дрондон жасалган бул кол салуу үчүн Ирандан колдоо тапкан Йемендеги хусит жоочулары жоопкерчилик алды. Аталган чабуул Иран менен АКШнын ортосундагы чыңалууну ого бетер күчөттү.

Сауд Арабиясынын чыгышындагы Абкайк жана Хураис мунай заводдоруна коюлган чабуул 14-сентябрда эртең менен башталган. Мунай кендериндеги жалындаган өрткө алып келген кол салуу дрондор менен коюлганы маалым болду. Саудиянын бийлиги андан адам өмүрүн алган курмандыктар жок экенин кабарлады.

Дүйнөдөгү кара май өндүрүүчү ири өлкө саналган Сауд Арабиясынын эки мунай кенине коюлган чабуул үчүн жоопкерчиликти Йемендеги Иран колдогон хусит козголоңчулары алды.

«Аскер-аба күчтөрү 10 дрондун жардамы менен Сауд Арабиясынын чыгышындагы, мунайды кайра иштетүүчү «Абкайк» жана «Хураис» заводдорун бутага алган ири операциясын жүргүздү», - деди хусит козголоңчуларынын өкүлү Яхя Сари.

Эгер дрондорду чындап эле Йемендеги хусит козголоңчулары учурган болсо, алар жүздөгөн чакырым учуп өтүшү керек эле. Йемендин жакынкы чек арасынан Хураис мунай кенине чейинки аралык 770 чакырымды түзөт.

Бирок хуситтердин билдирүүсүндө чабуул «Сауд падышачылыгындагы ак ниет адамдардын жардамы менен уюштурулганы» белгиленген.

Иран менен АКШнын кайым айтышуусу

АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео бул чабуул үчүн жоопкерчиликти Иранга жүктөп, «Тегеран дүйнөлүк мунай өндүрүүгө болуп көрбөгөндөй сокку урду» деп сынга алды. Помпео бул чабуул Йемендин аймагынан коюлганы тууралуу эч кандай далил жок экенин белгилеп, Ирандын президенти Хасан Роухани менен тышкы иштер министри Жавад Зарифти «жалган дипломатия жүргүзөт» деп күнөөлөдү.

«Тегеран Сауд Арабиясындагы 100дөй чабуулдун артында турат, ошол эле кезде Роухани менен Зариф дипломатия менен алектенип жактандай түр көрсөтүүдө», деп жазды ал «Твиттер» баракчасындагы билдирүүсүндө.

Майк Помпео аймакта АКШнын аскер күчтөрү бар экенин жана алар ракетасы Иранга жете ала турган аралыкта турганын да эскерткен.

Ошол эле кезде Тегеран АКШнын айыптоосун четке какты. Ирандын жогорку кызмат адамдары 15-сентябрда АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпеонун билдирүүсүнө жооп кайтарды.

Ирандын Тышкы иштер министрлигинин атайын өкүлү Аббас Мусави «Сауд Арабиясындагы чабуулга Иран тиешеси бар» деген дооматты төгүндөп, мындай куру айыптоолор орунсуз экенин белгилеген. Анын айтымында, дооматтар Иранга каршы келечектеги иш-аракеттерди акташ үчүн коюлуп жатат.

Ал эми Ирандын Революциялык сакчылар корпусунун жогорку командири алар согушка даяр экенин айтты.

«Ар бир киши Ирандын тегерегинде, 2000 чакырым аралыкка чейин жайгашкан америкалык базаларга жана аскер учактарына биздин ракеталар жете ала турганын билип коюшу керек», деди командир Амирали Гажизаде «Tasnim» агенттигине жарыяланган сөзүндө.

Буга чейин Кошмо Штаттар май, июнь жана июль айларында Перс булуңунда бараткан мунай танкерлерине коюлган чабуул үчүн да жоопкерчиликти Тегеранга жүктөгөн. Бирок Иран, азыркыдай эле, ал дооматтарды да четке каккан.

Сауд Арабиясынын мунай заводдоруна коюлган чабуулду Франция менен Британия да айыптады.

Сауд Арабиясы мунай өндүрүүнү азайтты

Канткен менен Сауд Арабиясынын «Aramco» мамлекеттик компаниясы чабуулдан кийин мунай өндүрүү 5,7 миллион баррелге чейин азайтылганын билдирди. Бул өлкөдө күн сайын өндүрүлгөн кара майдын жарымы дегенди түшүндүрөт.

«Энергетика министри Абдулазиз ибн Салман «Aramco» компаниясынын мунай заводдоруна коюлган чабуулдан кийин өрт башталганын билдирди. Анын айтымында, террористтик аракет Абкайк менен Хураистеги мунай заводдорунун ишин убактылуу токтотту. Баштапкы маалымат боюнча, жарылуудан кийин чийки мунай өндүрүү 5,7 млн. баррелге, башкача айтканда, 50 пайызга чейин азаят. Мындай маалыматты «Аль-Ахбария» телеканалы энергетика министри Абдулазиз ибн Салманга шилтеме кылып бышыктады.

Хураисте дүйнөдөгү мунайдын 1% өндүрүлсө, Абкайкта мунайдын дүйнөлүк көлөмүнүн 7% пайызын иштеп чыккан эң чоң завод бар. Сауд Арабиясы жалгыз өзү эле дүйнөдөгү мунайдын 10 пайызын өндүргөн мамлекет экенин эске алганда, аталган кара май кендеринин кыска убакытка токтоп калышы эл аралык мунай базарына таасир этпей койбойт.

АКШнын Энергетика министрлиги эгер зарылчылык жаралса, өлкөдөгү стратегиялык мунай запастарын колдонууну караштыра турганын маалымдады. Расмий маалыматка ылайык, Кошмо Штаттардын запасында 630 миллион баррел мунай бар.

Абкайк мунай заводунун текшерүү бекети.
Абкайк мунай заводунун текшерүү бекети.

Сауд Арабиясындагы мунай кендерине дрон чабуулдары биринчи жолу болуп жаткан жок. Быйыл май айында «Чыгыш-Батыш» мунай куурунун эки насос станциясына да дрондон сокку урулган. Ал жолкусунда сегиз станцияда өрт чыгып, тез эле өчүрүлгөн. Анда да чабуулду Йемендеги Иран колдогон хусит жоочулары уюштурганы айтылган.

Эр-Рияд менен Тегеранды тирештирген Йемендеги кырдаал

Йеменде төрт жылдан бери Иранга ыктаган хусит козголоңчулары өкмөткө жана Сауд Арабиясы баштаган коалицияга каршы согушуп келатат. 2015-жылы шиит агымынын бир бутагын карманган хуситтер өлкөнүн көпчүлүк бөлүгүн басып алып, президент Абд-Раббу Мансурду өлкөдөн качып кетүүгө мажбур кылган.

Жергиликтүү шиит жамааты жана «Иран колдойт» деп эсептелген хуситтер азыр өлкөнүн түндүк-батыш бөлүгүн, борбор шаар Сананы, ошондой эле Кызыл деңиздин жээгиндеги Ходейда порттук шаарын 2015-жылдан бери ээлеп турат.

Йемендеги жаатташкан тараптар.
Йемендеги жаатташкан тараптар.

Сауд Арабиясы, Бириккен Араб Эмираттары баштаган аскердик коалиция төрт жылдан бери эл аралык коомчулук тааныган өлкө лидери Абд-Раббу Мансур Хадинин бийлигин калыбына келтириш үчүн бул чырга аралашып, абадан сокку уруп келет. Аларды айрым Батыш мамлекеттери жана АКШ да колдогон.

Йемендеги төрт жыл ичиндеги жарандык согушта он миңден ашык адам өлүп, 500 миңдей киши жер которууга аргасыз болду.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG