Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:32

Иран мунай кениндеги чабуул боюнча АКШнын дооматын четке какты


Сауд Арабиясынын мунай кенине коюлган чабуул үчүн жоопкерчиликти Йемендеги хусит козголоңчулары алган.
Сауд Арабиясынын мунай кенине коюлган чабуул үчүн жоопкерчиликти Йемендеги хусит козголоңчулары алган.

Тегеран АКШнын «Сауд Арабиясындагы мунай кенине коюлган чабуулдун артында Иран турат» деген дооматын четке какты. Ирандын жогорку кызмат адамдары 15-сентябрда АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпеонун «Тегеран дүйнөлүк мунай жеткирүүгө болуп көрбөгөндөй сокку урду» деген билдирүүсүнө жооп кайтарышты.

Ирандын Тышкы иштер министрлигинин атайын өкүлү Аббас Мусави «Сауд Арабиясындагы чабуулга Ирандын тиешеси бар» деген дооматты төгүндөп, мындай куру кинелер орунсуз экенин белгилеген. Анын айтымында, дооматтар Иранга каршы келечектеги иш-аракеттерди акташ үчүн коюлуп жатат.

Дүйнөдөгү ири кара май өндүрүүчү өлкө болуп саналган Сауд Арабиясынын чыгышындагы эки мунай кенине коюлган чабуул үчүн жоопкерчиликти Йемендеги Иран колдогон хусит козголоңчулары алган. Мамлекеттик «Aramco» компаниясы 14-сентябрда эртең менен болгон чабуулдан кийин мунай өндүрүү 5,7 миллион баррелге чейин азайтылганын билдирди.

Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Май Помпео бул чабуул Йемендин аймагынан коюлганы жөнүндө эч кандай далил жок экенин белгилеп, Ирандын президенти Хасан Роухани менен тышкы иштер министри Жавад Зарифти «жалган дипломатия жүргүзөт» деп күнөөлөдү.

«Тегеран Сауд Арабиясындагы 100дөй чабуулдун артында турат, ошол эле кезде Роухани менен Зариф дипломатия менен алектенип жактандай түр көрсөтүүдө» деп жазды ал «Твиттер» баракчасындагы билдирүүсүндө.

Ошондой эле Майк Помпео аймакта АКШнын аскер күчтөрү бар экенин жана алар ракетасы Иранга жете ала турган аралыкта экенин да эскерткен.

XS
SM
MD
LG