Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:33

Ысык-Көлдө #EUBeachCleanUp акциясы өтүп жатат.


Акция катышуучулары.
Акция катышуучулары.

14-сентябрда дүйнөнүн 75 өлкөсүндө, анын катарында Кыргызстанда көл жээктерин таштандыдан тазалоо акциясы уюштурулду.

Европа Биримдиги, Бириккен Улуттар Уюму демилгелеген #EUBeachCleanUp деп аталган дүйнөлүк акция экологияны желим таштандылардан тазалоо максатын көздөйт.

Кыргызстандагы акцияны уюштурууну "Экодеми" коомдук фонду колго алган. Ысык-Көл облусунун Бостери айылындагы өнөктүккө Европа Биримдигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн, БУУнун кеңсесинин, Германия жана Британиянын элчиликтеринин кызматкерлери менен жергиликтүү активисттер да катышууда. 150дөй ыктыярчынын катарында суучулдар бар.

Адистер жыл сайын көлдөрдө, океандарда 8 миллион тоннадан ашык желим таштанды табыларын айтышат. Эгер бул тенденция сакталса, 2050-жылга карата океандарда балыкка караганда пластик көп болот. (KS)

XS
SM
MD
LG