2019-жылдын 7-8-августунда Кой-Таш айылында түзүлгөн кырдаалды иликтөө боюнча мамлекеттик комиссиянын мүчөлөрү, Жогорку Кеңештин депутаттары Алмазбек Баатырбеков, Жаныбек Бакчиев, коомдук ишмерлер Исмаил Исаков, Алишер Мамасалиев, Артур Медетбеков, өкмөт аппаратынын коргоо, укук тартиби жана өзгөчө кырдаалдар бөлүм башчысы Азамат Араев коомдук ишмер Равшан Жээнбековдун жана ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун маалыматын угушту.
Өкмөт аппараты кабарлагандай, жыйындын жүрүшүндө алар ошол күндөрү Кой-Таш айылында окуялардын өнүгүшү, өздөрүнүн түздөн-түз катышуусу тууралуу айтып беришип, мамкомиссиянын мүчөлөрүнүн суроолоруна жооп беришти.
Отурумга чакырылган Жогорку Кеңештин депутаты Асел Кодуранова жеке себептерине байланыштуу келе алган эмес.
7-8-августта Кой-Таш айылындагы үйүндө мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы жүргөн. Анда мурдагы президенттин тарапташтары каршылык көрсөтүп, эл менен кагылышуунун натыйжасында УКМКнын «Альфа» атайын түзүмүнүн кызматкери полковник Үсөнбек Ниязбеков курман болуп, ар түрдүү жаракат алган 100гө жакын адам ооруканага кайрылган. (ErN)