Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:32

Казакстан Кытайга көбүрөөк буудай экспорттогусу келет


Казак президенти Бээжинге эки күндүк расмий сапар менен барды.
Казак президенти Бээжинге эки күндүк расмий сапар менен барды.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 11-сентябрда Бээжиндеги эки күндүк расмий иш сапарынын алкагында казак-кытай ишкер кеңешинин 6-жыйынына катышты. Анда ал Кытайды көбүрөөк буудай сатып алууга чакырды:

- Белгилүү болгондой, Казакстан жогорку сапаттагы буудай экспорттогон алдыңкы он өлкөнүн катарында. Былтыр Кытайга 550 миң тонна буудай жөнөткөнбүз. Биз муну 3,5 эсеге чейин - 2 миллион тоннага чейин жеткире алабыз.

Астана Кытайга буудайдан сырткары мунай, газ жана темир-тезек жөнөтөт. Расмий маалыматка ылайык, эки өлкөнүн ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү жылына 12 миллиард долларды түзөт. Кытайдын Казакстанга салган инвестициясы 20 миллиард долларга чамалайт.

Токаевдин бул сапарынын алдында Казакстанда Кытай менен биргелешкен долбоорлорго каршы чыккан нааразылык акциялары өткөн.

Соңку күндөрү Казакстанда Кытайга каршы маанай күчөдү. Буга Шинжаңдагы казактардын куугунтукталып жатканы тууралуу маалыматтар кошул-ташыл болду.

XS
SM
MD
LG