Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:29

Бишкекте илбирсти коргоого арналган эл аралык жарыш өтөт


аска-зоону мекендеген айтылуу илбирс. Ренат Минибаевге таандык сүрөт.
аска-зоону мекендеген айтылуу илбирс. Ренат Минибаевге таандык сүрөт.

Бишкекте “Илбирсти коргойбуз” аттуу эл аралык кайрымдуулук жарышы өтөт. 15-сентябрга белгилеген марафондо түшкөн каражаттын бир бөлүгү Илбирсти коргоо жана анын экосистемасы боюнча глобалдык программага (GSLEP) берилет. Жарыш шаардын борбордук бөлүгүнөн башталып, катышуучулар бир, 14 жана 21 чакырымга чуркашат. Алгачкы жолу күйөрмандар жана көрүүчүлөр үчүн жолдун четинен назар салып турганга орун берилет.

Кыргызстанда ак илбирсти сактоо боюнча иш чаралар жыл сайын уюштурулуп келет. I эл аралык форум 2013-жылы өткөн.

Ак илбирс Кызыл китепке кирген жана өзгөчө коргоого алынган сейрек жаныбар. ПРООНдун атайын долбоорунун алкагында Кыргызстандагы «Алатай» жана «Кан-Ачуу» жаратылыш парктары ак илбирсти коргоо боюнча дүйнөлүк 20 ландшафттын тизмесине киргизилген.

Расмий маалыматка караганда, Кыргызстанда болжол менен аскар тоолорду мекендеген 324 илбирс бар. Жаратылышка зулумдук кылып, ага зыян тийгизгендерге 1,5 миллион сомдук айып пул каралган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG