Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:59

Ысык-Көлдө Жамал Сейдакматованын 80 жылдык мааракеси белгиленди


Жамал Сейдакматова.
Жамал Сейдакматова.

Кыргызстандын Эл артисти, «Туңгуч» театрынын негиздөөчүсү Жамал Сейдакматованын 80 жылдык мааракеси Ысык-Көлдө өзү туулуп-өскөн Темир айылында белгиленди. Аталган иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттары, президенттин кеңешчиси Султан Раев, маданият маалымат жана туризм министринин орун басары Кайрат Иманалиев, өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акылбек Осмоналиев катышты.

Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын маалыматына караганда, Сейдакматованын 80 жылдык мааракесине карата 23-28-сентябрь аралыгында Ош шаарында «Арт-Ордо» эл аралык VII театр фестивалы уюштурулат.

Кыргыз ССРинин эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Жамал Сейдакматова «Акбаранын көз жашы», «Караш-Караш окуясы», «Ак илбирстин тукуму» жана башка бир катар тасмаларда, спектаклдерде ролдорду жараткан.

Жакында президент Сооронбай Жээнбековдун жарлыгы менен Сейдакматовага экинчи даражадагы «Манас» ордени менен ыйгарылды. (KE/KS)

XS
SM
MD
LG