Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:33

Орусия бошоткон туткундарды Зеленский тосуп алды


Орусиянын түрмөсүнөн бошотулгандарды украин президенти Владимир Зеленский өзү тосуп алды.
Орусиянын түрмөсүнөн бошотулгандарды украин президенти Владимир Зеленский өзү тосуп алды.

Москва менен Киев өз өлкөлөрүндө соттолгон, кармалып турган орусиялык жана украиналык туткундарды алмашты.

Орусиянын түрмөсүнөн бошотулган моряктарды, кинорежиссер Олег Сенцов жана башка туткундарды Киевдин "Борисполь" аэропортунан украин президенти Владимир Зеленский тосуп алды.

Ал журналисттердин суроосуна жооп берип, туткундарды бошотуу боюнча жумушчу топ бир ай бою иш алып барганын белгиледи. Туткундарды бошотуу боюнча биринчи этап ишке ашканын белгиледи. Кийинки этап Минск келишиминин негизинде ишке аша турганын айтты.

"Андан кийинки этап ок атууну, жаңжалды толук токтотуу боюнча болот. Эң оор этаптардын бири - адамдарды гана эмес биздин аймакты дагы кайтаруу. Биз буга ишенебиз".

Киев "РИА Новостинин” Украинадагы бөлүмүнүн башкы редактору Кирилл Вышинскийди Москвага өткөрүп бергени маалым болду. Туткундарды алмашуу жараяны башталганы тууралуу маалымат 30-августта айтыла баштаган.

Бейшембиде Владимир Зеленский Украинада соттолгон Орусиянын 16 жаранына ырайым берген жарлыкка кол койгон. 5-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин туткундарды алмашуу боюнча сүйлөшүү аягына чыгып калганын билдирген.

XS
SM
MD
LG