Экономика министри Санжар Мукамбетовдун айтымында, өлкө аймагында этти кайра иштетүү боюнча 296 ишкана иштеп жатат. Мындан тышкары, санитардык нормаларга жооп бербеген чакан цехтер да бар. Аларда эт өндүрүмү иштелип чыгып, сакталат, ташылат жана сатылат. Министр бул калктын ден соолугу үчүн кооптуу экенин билдиргенин парламенттин басма сөз кызматы жазды.
Мукамбетов талапка жооп берген касапканаларды салуу жана иштеп жаткандарын эл аралык стандарттарга шайкеш келтирүү максатында Ислам өнүктүрүү банкы менен адал эт паркын куруу боюнча долбоорго техникалык-экономикалык негиздемени чогуу иштеп чыгуу жөнүндө макулдашууга жетишкенин айтты.
Парламентте бул банк менен Кыргызстандын ортосундагы макулдашууну ратификациялоо жөнүндө мыйзам долбоору каралып, концепциясы добуш берүүгө жөнөтүлдү.
Бул багытта Ислам өнүктүрүү банкы 380 миң доллар каражат бөлүүгө даяр. Ал эми кыргыз тараптын салымы 50 миң доллар болот. Бул акча долбоорду изилдөөгө жана логистикалык чыгымдарга багытталат. Долбоордун техникалык-экономикалык негиздемеси иштелип чыккандан кийин адал эт паркы курула турган жер тандалып алынат.
Кыргызстанда 34 мал касапкана иштеп жатат. Алардын ичинен үчөө гана мурдатан бекитилген беш стандарттын талаптарына жооп берет. Бишкек жана Ош шаарындагы ветеринардык лаборатория ЕАЭБдин лицензиясына ээ болгон.
Кыргызстан расмий маалымат боюнча Иранга, Вьетнамга, араб өлкөлөрүнө жыл сайын 1,5 миң тонна эт экспорттойт. Өлкө боюнча 53 субъектиге адалдык лицензиясы берилген. Өлкөдө 1,5 млн. баш бодо мал, 6 млн. майда жандык бар экени аныкталган. (BTo)