2016-жылдан 2019-жылга чейин өлкө аймагында 220 жалпы билим берүүчү мектеп жана 16 бала бакча курулуп, дагы 34 мектепте капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу өкмөт аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү кабарлады.
Мунун ичинен мектептердин 68и 2016-жылы, 46сы 2017-жылы, 68и 2018-жылы, 38и быйыл салынган.
«Капиталдык салым» беренеси боюнча каржыланган объектилердин тизмесине ылайык, быйыл 2 млрд. 133 млн. сом бөлүү каралган. 1-сентябрга карата 14 мектептин курулушу аяктаган. Дагы 27 мектеп жыл аягына чейин курулуп бүтмөкчү.
Өкмөт жарандык активисттерге жаңы мектеп куруш үчүн каражат топтоо боюнча демилгеси үчүн ыраазычылык билдирип, Нарын облусунун Кеңеш айылында орто мектеп куруу маселесин өзү чечерин кабарлады. Аткаруу бийлиги бул орто мектептин курулушу боюнча долбоордук-сметалык иш-кагаздары даяр экендигин жана 2020-жылдын планына киргизилгенин да кошумчалады.
Социалдык тармактарда Кеңеш айылындагы контейнерде билим алып жаткан окуучулар боюнча сүрөт бир нече күндөн бери талкууланып жатат. Активисттер атайын эсеп ачып, ал жерге мектептин жаңы имаратын курууга акча чогулта баштаган. (ErN)