Нарын районунун Кеңеш айылында окуучулар контейнерден куралган мобилдик үйдө билим алып жаткан балдар үчүн жаңы мектеп курулат. Бул тууралуу өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлчүлүгү кабарлады. Андан алынган маалыматка ылайык, Кеңеш айылындагы мектептин имарат эскилиги жеткендиктен окуу процессин үзгүлтүккө учуратпаш үчүн окуучуларга мобилдик үйлөрдө билим берүү чечилген. Суук түшкөндө балдар кыш мезгилинде окутууга кыйла ылайыктуу башка жерге которулат. Облустук бийлик Кеңеш айылында жаңы мектеп жакын арада куруларын билдирди.
- 2019-жылдын 2-сентябрында Нарын районунун акими Семетей Черикбаевдин убактылуу мектептин ачылыш салтанатына барганы боюнча коомчулукта айтылып жаткан сын-пикирди, албетте, туура кабыл алабыз. Негизи райондук администрациянын жетекчиси мектепке байланыштуу түзүлгөн кырдаалды түшүндүрүү максатында барган, - деди өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлүнүн орун басары Жаркын Ибраева.
Буга чейин социалдык тармактарда Кеңеш айылындагы контейнерде билим алып жаткан окуучулар боюнча сүрөт талкууланып жатат. Буга чейин айрым активисттер ашар жолу менен мектепти курууну сунуш кылышкан. (BkA)