Алмазбек Зарылбек уулу Юстиция министрлигине караштуу Пробация (абактан сырткары жаза) департаментинин директору болуп дайындалды. Тийиштүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгонун министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.
Департамент 1-сентябрдан баштап иштей баштады. Мурда бул мекеме Жаза аткаруу боюнча мамлекеттик кызматка (ЖАМК) караган.
44 жаштагы Алмазбек Зарылбек уулу буга чейин атайын кызматта, Тышкы иштер министрлигинин консулдук кызматында, Юстиция министрлигинин Чүй-Бишкек башкармалыгында иштеген.
1-январдан тартып Жазык кодекси, Жазык-процессуалдык кодекс, Жазык-аткаруу кодекси, Жоруктар тууралуу кодекс, Тартип бузуу жөнүндө кодекс, «Пробация жөнүндө» жана «Мунапыс жөнүндө» мыйзамдар иштей баштаган. Бул мыйзамдар боюнча учурда абактагы миңдеген адамдардын иши кайра каралып, жеңил жаза менен соттолгондор эркиндикке чыгышы мүмкүн.
Буга чейин ЖАМКтын жетекчиси Мелис Турганбаев Жогорку Кеңештин комитетинде сөз сүйлөп жатып пробация (абактан сырткары жаза) институтун Юстиция министрлигине 2020-жылы эмес, 2025-жылы өткөрүп берүү туура болорун айткан. (КЕ)