Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:49

Гонконг полициясы активисттер Жошуа Вонг менен Агнес Чоуну күрөөгө бошотту


Жошуа Вонг менен Агнес Чоу сот имаратынан чыгып жаткан учуру.
Жошуа Вонг менен Агнес Чоу сот имаратынан чыгып жаткан учуру.

Жошуа Вонг менен Агнес Чоу Гонконгдо башкаларды “мыйзамсыз уюштурулган акцияга чакырган” жана “ага өздөрү да катышкан” деп айыпталууда. Активисттер бул айыптар менен соттолсо, беш жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. “Биз багынбайбыз, ошондой эле бул террордон жана адилетсиздиктен коркпойбуз”, - деп жазды бошогондон кийин Агнес Чоу “Твиттер” баракчасына.

Ал эми Жошуа Вонгго 21-августта полиция башкармалыгынын жанына акция уюштурган деген иш боюнча да өзүнчө дагы бир айып коюлду.

22-жаштагы Вонг 2014-жылы аймактын башчысы Бээжинден дайындалышына каршы болуп, түз шайлоону талап кылган демонстрациялар учурунда таанылган. 2017-жылы да ал алты айга соттолгон.

Гонконгдо алгачкы демонстрациялар Кытайга кылмышкерлерди экстрадициялоого жол ачкан мыйзамга каршы үч ай мурда башталган. Гонконгдун бийлиги бул мыйзамды белгисиз мөөнөткө артка чакыртып алганына карабай, нааразы болгондор андан биротоло баш тартууну, Гонконг атайын административдик аймагынын жетекчиси Кэрри Ламдын кызматтан кетишин талап кылып келе жатышат.

Кытай бийлиги демонстранттарды кескин сынга алып, алардын жүрүм-турумун «террорчулукка жакын» деп мүнөздөп келет.

1997-жылы Гонконг Британиянын үстөмдүгүнөн бошонуп, Кытайдын башкаруусуна кайтарылган. Ортодогу макулдашууга ылайык, Бээжин Гонконгдун ички саясатына, анын ичинде сот чечимдерине да кийлигишпеши керек. Бирок гонконгдуктар 20 жылдан ашуун убакыт ичинде Кытайдын Коммунисттик партиясы макулдашууну бир канча ирет бузганын айтып келишет.

XS
SM
MD
LG