Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:46

Өзбекстандын Кыргызстандагы элчиси премьер-министрге кеңешчи болду


Камил Рашидов, ортодо.
Камил Рашидов, ортодо.

Өзбекстандын Кыргызстандагы элчиси Камил Рашидов өкмөттүн 27-августтагы буйругу менен премьер-министр Абдулла Ариповдун кеңешчиси болуп дайындалды.

Тышкы иштер министрлиги билдиргендей, Рашидов чет элде иштеп жүргөн өзбекстандык мигранттардын укуктарын коргоо жана колдоп-кубаттоо маселелери боюнча департаментти да башкарат.

Рашидов Кыргызстанга 2013-жылы элчи болуп келген, ага чейин тышкы иштер министринин орун басары болгон.

Бейрасмий кабарларга ылайык, Өзбекстандан чет мамлекеттерге мигрант болуп кеткендердин саны беш миллионго чамалайт. Көбү Орусияда, Казакстанда, Түркияда жана Түштүк Кореяда. 2017-жылдан бери Кыргызстанга да келип иштеген өзбекстандыктар көбөйгөн.

XS
SM
MD
LG