Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:06

Робот түшкөн кеме Эл аралык космостук станцияга жалгашты


«Фёдор» роботу сыноо учурунда.
«Фёдор» роботу сыноо учурунда.

Бүгүн, 27-августта таң эрте «Фёдор» аттуу робот түшкөн «Союз МС-14» кемеси Эл аралык космостук станцияга жалгашты.

Аталган кеме 24-августта станцияга чиркеше албай калган эле. Мындан улам кеме үчүн башка модулдук жай даярдалган.

Биринчи гуманоид роботту ташыган «Союз» кемеси 22-августта Казакстандын Байкоңур аэродромунан учуп чыккан. «Роскосмос» «Фёдор» Эл аралык космос станциясында 10 күн болорун, астронавттар менен иштешүүнү үйрөнө турганын маалымдаган.

«Фёдордун» бою 1,8 метр, ал эми салмагы 160 килограммга жетет. Анын «Инстаграм», «Твиттер» өңдүү социалдык тармактарда аккаунттары бар.

XS
SM
MD
LG