Чукул билдирүү:
23-24-августтарда туруксуз аба ырайы болот.
Бул күндөрү Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын айрым райондорунда жаан-чачын катуу жаайт. Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишине жана жайыттарда мал кармоого тоскоолдук жаратат.
Аба ырайы:
24-августта көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо кар түшүшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн 12…17, күндүз 23…28;
Таласта түнкүсүн 9…14, күндүз 21…26;
Баткенде, Ошто, Жалал-Абадда түнкүсүн 15…20, күндүз 24…29;
Ысык-Көлдө түнкүсүн 10…15,күндүз 17…22;
Нарында түнкүсүн 7…12, күндүз 20…25;
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн 0…-5, күндүз 6. 11 градус болот.
Бишкекте мезгил-мезгили менен жамгыр жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн 15…17°, күндүз 26…28 градус болот.