Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:34

Литвага «Амазондун» кийим-кечеси жакпай калды


Советтер Союзунун символу тартылган футболка.
Советтер Союзунун символу тартылган футболка.

Литва америкалык «Амазон» интернет-дүкөнүн орок менен балка сыяктуу мурдагы СССРдин бир катар эн белгилери тартылган кийимдерди сатууну токтотууга чакырды. Вилнюстун пикиринде мындай белгилер Советтер Союзунун куугунтугуна кабылган курмандыктардын беделине шек келтирүүдө.

«Амазон» компаниясынын негиздөөчүсү Жефф Безоско жазган ачык катында «биздин планетада зомбулук жайылып жатат. Ошол себептен эч ким, ал тургай «күлкүлүү» деп саналган символдорго да көңүл кош мамиледе болбошубуз керек», деп жазды Литванын мурдагы президенти Витаутас Ландсбергис.

Ал Советтер Союзу ыдырап жаткан кезде өлкөнүн башында турган.

Литванын тышкы иштер министри Линас Линкявичюс да экс-президенттин катын колдоп, дипломаттар да «Амазондон» советтик эн белгилери бар кийим-кечелерди сатыктан алууну суранышканын билдирди.

Ландсбергистин каты Молотов-Риббентроп пактынын 80 жылдыгын утурлай жазылды. Ал пактка ылайык, Германия менен Советтер Союзу Борбордук жана Чыгыш Европаны өз ара бөлүшүп алууну макулдашкан.

XS
SM
MD
LG