Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:50

Атамбаевге айып коюлуп, Салянова үйгө чыкты


Алмазбек Атамбаевдин жактоочулары.
Алмазбек Атамбаевдин жактоочулары.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев оор жана өзгөчө оор кылмыштарга шектүү катары айыпталууда. Ал арада анын жубайына да кылмыш иши бар экени маалым болду. Укук коргоо органдары Атамбаевдердин 150дөй мүлкүн камакка алды.

16-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин бөгөт чарасын караган Бишкек шаардык соту аны 26-августка чейин камакта калтырды. Сот Атамбаевдин бөгөт чарасын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) имаратында, көчмө жыйында карады. Адвокаттар муну мыйзамсыз деп эсептешүүдө.

«Сотту УКМКнын дубалдарынын ичинде жабык өткөрүштү. Экинчиден, сот болду, бирок, тилекке каршы, мыйзамсыз чечим чыгарылды. Мурдагы президенттин бөгөт чарасы өзгөртүүсүз калтырылып, 26-августка чейин абакта калмай болду. Бишкек шаардык соту мындай чечим чыгаруу менен биринчи инстанциядагы соттой эле бир катар мыйзамдарды бузду», - деди адвокат Сергей Слесарев.

9-августта Биринчи май райондук соту да аны кримтөбөл Азиз Батукаевдин иши боюнча кылмышка шектүү катары караган тергөө материалдарынын негизинде бөгөт чарасын аныктап, 26-августка чейин абакта кармоо тууралуу чечим чыгарган.

Ал эми Атамбаевдин дагы бир адвокаты Замир Жоошев алгач сот Атамбаевди кармап келүүнүн мыйзамдуулугун карашы керек эле деп эсептейт. Бишкектин Биринчи май райондук соту бул ишти кароону 19-августка калтырды. Замир Жоошев Атамбаев өз укугунан пайдаланып, тергөөнүн суроолоруна жооп бере элек экенин кошумчалады.

Аскер прокуратурасынын тергөө тобу 14-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаев оор жана өзгөчө оор кылмыштарга шектүү катары айыпталып жатканын билдирген.

«Атамбаевге карата куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүп, массалык башалмандык уюштуруп, тергөө аракеттерине тоскоолдук кылуу максатында алты кызматкерди барымтага алып, бир кызматкерди өлтүрүп жана өлтүрүүгө аракет кылуу боюнча Жазык кодексинин «Бийлик өкүлүн коркутуу же ага карата зомбулук», «Массалык башаламандык уюштуруу», «Киши өлтүрүү», «Кылмышка аракеттенүү», «Барымтага алуу», «Куралдуу ок дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү» беренелери боюнча кабарлама берилди», - деди 13-августта башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов.

Ал эми УКМКнын төрагасы Орозбек Опумбаев «өлкөдө төңкөрүш жасаш үчүн Алмазбек Атамбаев кан төгүшү керек болчу» деди.

Адвокат Сергей Слесарев кабарлагандай, Атамбаевге жалпысынан 14 иш боюна айып коюлууда. Мурдагы президент УКМКнын тергөө абагында кармалып турат.

Мурдагы биринчи айымга да кылмыш иши барбы?

Ал арада мурдагы президенттин жубайы Раиса Атамбаевага кылмыш иши козголгону маалым болду. Бул тууралуу ал өзү 16-августта УКМКнын алдында, Алмазбек Атамбаевдин бөгөт чарасы каралып жаткан учурда билдирди. Ал кылмыш иши президенттик аппараттын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн мурдагы башчысы Манас Арабаевдин ишине байланыштуу экенин айтты.

«Мен эч качан соттордун ишине кийлигишкен эмесмин. Саясат таза эмес иш экенин билчүмүн. Ошондуктан аралашпоого аракет кылчумун. Мен ал тургай соттордун имараты кайда экенин да билбейм. Бир да судьяны тааныбайм. Ошондуктан бийликтин айткандары чындыктан алыс болуп жатат», - деди Раиса Атамбаева.

Раиса Атамбаевага кылмыш иши козголгонун «Азаттык» радиосуна Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы да ырастады, бирок кайсы берене боюнча козголгону айтыла элек. Мурдагы биринчи айым анын үй-бүлөсү куугунтукка кабылып жатканын билдирүүдө.

«Алмазбек Атамбаевдин тарапташтарына, менин үй-бүлөмө, балдарыбызга, жакын туугандарыбызга карата куугунтук жүрүп жатат. Атамбаевдин улуу баласы Сейитбек Атамбаев катуу сабалды. Азыр аны күн сайын суракка чакырып жатышат. Анын буту гипстелген, балдакчан жүрөт. Атамбаевдин жакын тууганына, жээнине эки кылмыш иши ачылды. Биздин кудабыздын үйү тинтүүгө алынды. Он милиция кызматкери документтерин көрсөтпөй, негиз жок кирип барып, үйдү астын-үстүн кылды», - деди Раиса Атамбаева.

Ал эми Атамбаевдин 26 жаштагы уулу Кадырбек Атамбаев «Жаңы жүздөр» («Новые лица») журналындагы маегинде 7-8-август күндөрү Кой-Ташта болгон окуяларды «күч түзүмдөрү тарабынан уюштурулган чагым» катары баалады:

«Мен бул өтө кылдат уюштурулган чагым болгон деп ойлойм. Ал болушунча көп курмандыктарды алып келиш үчүн жасалган. Мунун арты менен атама бардык күнөөнү илип коюуну каалашкан».

Ошондой эле ал бардык оппозициялык күчтөрдү бийликтин мыйзамсыз иштерине каршы биригүүгө чакырды:

«Биз азыркы күндө болуп жаткан диктатуранын өзөгүнө мыйзамдуу жана күчтүү каршылык көрсөтүшүбүз керек. Мен биргелешкен оппозиция өлкөнүн диктатурага кетишине жол бербейт деп эсептейм. Мен биз жаңы Коконго каршы тура алабыз деп ишенем», - Кадырбек Атамбаев.

Саясий кырдаал: Атамбаевдин айыбы
please wait

No media source currently available

0:00 1:01:09 0:00

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан мөөнөтүнөн мурда бошотулушу боюнча күбө катары үч жолу суракка чакырылып, бирок ал барган эмес. Атамбаев 7-8-августта Чүйдүн Кой-Таш айылындагы үйүндө аны кармоо операцияларынын учурунда сүйлөшүүлөрдөн кийин колго түшкөн.

Ал эми бул окуялар учурунда УКМКнын «Альфа» түзүмүнүн жоокери Үсөнбек Ниязбековду өлтүргөн деп шек саналган адам кармалды.

​«Альфа» түзүмүнүн жоокери Үсөнбек Ниязбеков мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча 7-августта болгон биринчи операция учурунда ок тийип каза болгон. Анын сөөгү 9-августта Бишкектеги «Ала-Арча» көрүстөнүнө коюлган. УКМКнын төрагасы Орозбек Опумбаев 13-августта Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгына таянып, Ниязбековду өлтүрүш үчүн түз эле жүрөккө атышканын айткан.

Полковник Ниязбековдун тажыясы
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:50 0:00

Мурдагы президенттин камакка алынган мүлкү

Ошондой эле Алмазбек Атамбаевге жана анын жакындарына таандык 150 мүлк объектилери жана банк эсеби камакка алынды. Алардын арасында ондогон имарат, батир, жер тилкеси, үй жана банк эсептери бар.

Маалыматка караганда, мурдагы президенттин 25 банкта эсеби болгон. Мындан сырткары Атамбаевге жана анын аялына, «Кыргызавтомашка», «Апрель-ТВ» жабык акционердик коомдоруна тийиштүү деген банк уячалары камакка коюлду.

Башкы көзөмөл органы тараткан маалыматка караганда, беш автомобил, төрт жер тилкеси (алардын экөө Кой-Ташта, Аламүдүн жана Ысык-Ата райондорунда), Кой-Таштагы ден соолукту чыңдоо борбору, турак үй, Арашандагы жайыт, Кой-Таш менен Арашанда көп жылдык дарактар отургузулган үч жер тилкеси мурдагы президентке караштуу экени аныкталды. Ушунун бардыгына жана Раиса Атамбаевага караштуу үч машине, батир жана Бишкектеги менчик үй камакка коюлду.

Камакка алынгандардын арасында «Кыргызавтомаштын» мүлкү, Жал кичи районундагы көп кабаттуу үй, ушул эле райондогу 18 батир, Ибраимов көчөсүндөгү үч батир, Матросов көчөсүндөгү киши жашабаган 39 имарат, ушул эле көчөдөгү жер тилкелери, соода үйү, дүкөн, кеңсе, темир жолу жана Матросов көчөсүндөгү резервуар, 18 цех, 9 кампа бар.

9-август күнү «Медиа Форум» ишканасы жана «Апрель» телеканалы да Атамбаевдин мүлкү катары камакка алынган. Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) жалпыга маалымдоо каражаттары боюнча өкүлү Арлем Дезир «Апрель» телеканалынын жабылышына тынчсыздануусун билдирди.

Ал 14-августта тараткан билдирүүсүндө бийликти маалымат каражаттарындагы ар тараптуулукту сактоого жана телеканалдын мүлкүн камактан чыгарууга чакырды.

Кой-Таш окуясында камалгандар жана сурак бергендер

Жалпысынан Кой-Таштагы окуяларга байланыштуу мурдагы президент Алмазбек Атамбаевден башка дагы төрт адам камакка алынды. Тактап айтканда, президенттик аппараттын мурдагы башчысы Фарид Ниязов, КСДПнын мүчөлөрү Алга Кылычов, Кыяз Исмаилов жана Амантур Жамгырчиев 8-октябрга чейин Бишкектеги №1 тергөө абагына киргизилди. Алар негизинен аскерлерди «Барымтага алуу» жана «Массалык башаламандык уюштуруу» беренелери боюнча козголгон кылмыш иштеринин негизинде камакка алынган.

Мындан башка КСДП фракциясынын депутаттары Асел Кодуранова, Ирина Карамушкина баш болгон мурдагы президенттин ондогон партиялаштары жана журналисттер тергөөдө ушул иштер боюнча күбө катары суралып жатышат. Алардын ичинен Жогорку Кеңештин экс-депутаты, оппозцииялык саясатчы Равшан Жээнбеков Кой-Ташта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы учурунда аскерлердин барымтага алынышы боюнча күбө катары бешинчи жолу сурак берип чыкты. Саясатчы тергөөнүн суроолору жана басым азайганы билингенин «Азаттыкка» билдирди.

Равшан Жээнбеков буга чейин Кой-Таштагы окуялар боюнча маалымат каражаттарына чыккан видеоматериалдарды тергөөгө өткөрүп берген. Ал ошол күнү Атамбаевдин тарапташтары менен укук коргоо органдарынын ортосунда сүйлөшүү жүргүзгөн ортомчулардын бири болгон.

Кой-Таш: Карапайым элдин кайгысы
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:20 0:00

Курсан Асанов эмнеден жазды?

Ушул окуялардын дагы бир катышуучусу, Интернетке тараган видеолордо Алмазбек Атамбаевди багынып берүүгө көндүрүп, үйүнөн алып чыккан ички иштер министринин орун басары, генерал Курсан Асановго да кылмыш иши козголуп, кызматтан алынды. Расмий кабарда ал 7-8-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо учурунда «милициянын кызыкчылыгын сатканы» белгиленген.

Башкы прокуратура Курсан Асановго Жазык кодексинин «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренесинин негизинде кылмыш ишин козгоду.

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы тараткан билдирүүдө, Атамбаев жана анын тарапташтары ички иштер министри Кашкар Жунушалиевдин койгон талаптарына макул болуп чыгууга даярданып калган кезде, Курсан Асанов жеке кызыкчылыгын көздөп, өзүнө бекитилип берилген коомдук тартипти сактоо боюнча сырттагы кызматтык ордун таштап, Атамбаев менен сүйлөшүүгө кирип кеткени айтылат.

Алмазбек Атамбаевди кармаган учурдагы видео
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:52 0:00

Кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгында Асанов өзүнүн телефонун ошол жердеги кызматкерлерге берип, окуялардын жүрүшүн тарттыргандыгы кызмат ордун таштап, пиар менен алектенүү катары бааланган. Билдирүүдө белгиленгендей курал-жарактарды криминалисттик-эксперттик кызматкерлер гана кароого ала тургандыгына, фото-видеону атайын кызматкерлер гана тарта тургандыгына карабастан кызматтык милдеттерди аткарууда кемчиликтерге жол бергендиги аныкталгандыгы анын кызмат ордунан бошотуу боюнча чечим кабыл алууга негиз болгон.

Ички иштер министринин орун басары Курман Асановдун кызматтан бошотулушу коомчулукта эки ача кабыл алынды.

Ал өзүнүн айланасындагы соңку окуяларга байланыштуу учкай билдирүү таратып, «жеке кызыкчылыгын көздөгөн, өзүнө пиар жасаган» деген дооматтарды четке какты:

Курсан Асанов.
Курсан Асанов.

«Мен өзүмдүн кызматтык милдетимди аткардым деп эсептейм. Жеке кызыкчылыкты мамлекеттик кызыкчылыктан жогору койгон жокмун. Мен үчүн мундирдин урматы жана генералдын сөзү жөн сөз эмес. Мен кызмат учурунда мамлекет коркунучка кептелген бир топ учурга кабылганымды белгилеп коеюн. Мындай кырдаалда мен мамлекеттин туруктуулугун камсыз кылыш үчүн күчүмдү жана өмүрүмдү аяган эмесмин. Мага байланыштуу маселе кийин ачылат деп эсептейм. Өлкөмдүн жана өзүмдүн абийиримдин алдында мен акмын», дейт ал өз билдирүүсүндө.

53 жаштагы Курсан Асанов 1997-2010-жылдары Ош менен Жалал-Абад облустарында ички иштер бөлүмдөрүндө бөлүм башчы, милиция башчысынын орун басары, жетекчиси сыяктуу кызматтарда турган. Курсан Асанов 2010-жылдагы апрель окуяларынан кийин Ош шаардык ички иштер бөлүмүн жетектеген. Июнь коогасында Ош шаарынын коменданты болгон.

2010-жылы парламенттик шайлоого Курсан Асанов КСДПнын тизмеси менен катышкан.

2011-жылы март айында ошол учурдагы премьер-министр Алмазбек Атамбаев Курсан Асановду ички иштер министринин түштүк облустары боюнча орун басары кылып дайындаган. Ошондон бери ал министрдин орун басары кызматын аркалап келген.

Аида Салянова үй камагына которулду

Ал арада Бишкектин Биринчи май райондук соту мурдагы башкы прокурор, экс-депутат Аида Салянованы 15-августта үй камагына чыгарды. Ички иштер министрлиги (ИИМ) мурдагы башкы прокурор Аида Салянова кримтөбөл Азиз Батукаевди бошотууга байланыштуу соттук өндүрүштө тергөө менен кызматташууга макул болгонун билдирди. Министрликтин басма сөз кызматы тараткан билдирүүдө айтылгандай тараптардын сүйлөшүүсү ИИМдин Тергөө кызматында жүрдү.

«Адвокатынын катышуусунда тергөө аракеттерин жүргүзүү учурунда Аида Салянова тергөө менен кызматташкысы келерин айтты. Ушуга байланыштуу жаңы мыйзамдарга ылайык анын буга чейин бекитилген камакка алуу боюнча бөгөт чарасы үй камагына өзгөртүлдү», деп айтылат ИИМдин маалыматында.

Ал эми Аида Салянова эртеси өзү «Фейсбуктагы» баракчасында билдирүү калтырып, үй камагына чыкканы жана тергөө кызматы менен түзүлгөн келишим жөнүндө маалымат берди.

Аида Салянова.
Аида Салянова.

«‌Бир нерсени так айткым келет. Мен 73 күн камакта Алмазбек Атамбаевди коргоп, ага жан тарткан үчүн отурган жокмун. Ал ага татыксыз. Менин камакта болгонумдун бир эле себеби бар - мен эч качан коррупцияга аралашкан эмесмин. Азыр мага коюлган күнөөгө да тиешем жок. Ушунча убакыт чындык жеңет деп күттүм. Мен мурда айткан сөздөрүмдөн кайткан жокмун. Тергөө ага түшүнүү менен мамиле кылды», деп жазды ал.

Салянова колдоо көрсөткөнү үчүн коомчулукка ыраазычылык билдирип, оорусуна байланыштуу операцияга даярданып жатканын кошумчалады.

Аида Салянова кримтөбөл Азиз Батукаевдин 2013-жылы мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн бошоп чыгышына шектүү катары быйыл 3-июнда камакка алынып, Бишкектин №1 тергөө абагында отурган. Ал 15-июнда ооруканага которулуп, 14 күндөн кийин кайра абакка жеткирилген. Акыркы жолу сот анын бөгөт чарасын карап, камактагы мөөнөтүн 26-августка чейин узарткан болчу.

15-августта Жогорку соттун соттук коллегиясы Салянованын Алексей Елисеевге лицензия берүү ишине байланыштуу соттук отурумду кароону улантмак. Адвокат келбей калганына байланыштуу бул жараян башка күнгө калды.

Негизи Батукаевдин ишине байланыштуу мурдагы президент баш болуп жалпысынан онго жакын адам шектелүүдө. Алардын ичинен мурдагы саламаттык сактоо министри Динара Сагынбаева менен экс-вице-премьер-министр Шамил Атаханов, ошол учурдагы Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) башчысы, депутат Зарылбек Рысалиев үй камагына чыгарылды. Алар тергөө менен кызматташып жатканы айтылган. Ал эми УКМКнын экс-төрагасы Бусурманкул Табалдиевге издөө жарыяланды.

Камакта калган эки аялдын бири Аида Салянова менен дарыгер Ирина Цопова үй камагына которулган соң бул иш боюнча тергөө абагында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев гана бар.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG