Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:14

Атамбаевдин мүлкү жана банк эсептери камакка коюлду (тизме)


Алмазбек Атамбаев.
Алмазбек Атамбаев.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге козголгон кылмыш иштерин тергөөнүн алкагында анын мүлкү, баалуу кагаздары, акциялары, Кыргызстандын банктарындагы эсептери камакка коюлду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, мурдагы президенттин 25 банкта эсеби болгон. Мындан сырткары Атамбаевге жана анын аялына, “Кыргызавтомашка”, “Апрель-ТВ” жабык акционердик коомдоруна тийиштүү делген банктык уячалары камакка коюлду. Тизмени бул жерден көрүңүз.

Башкы көзөмөл орган тараткан маалыматка караганда, беш автомобиль, төрт жер тилкеси (алардын экөө Кой-Ташта, Аламүдүн жана Ысык-Ата райондорунда), Кой-Таштагы ден соолукту чыңдоо борбору, турак үй, Арашандагы жайыт, Кой-Таш жана Арашанда көп жылдык дарактар отургузулган үч жер тилкеси мурдагы президентке караштуу экени аныкталды. Ушунун бардыгына жана Раиса Атамбаевага караштуу үч автомашина, батир жана Бишкектеги жеке үй камакка коюлду.

Камакка алынгандардын арасында “Кыргызавтомаштын” мүлкү, Жал кичи районундагы көп кабаттуу үй, ушул эле райондогу 18 батир, Ибраимов көчөсүндөгү үч батир, Матросов көчөсүндөгү киши жашабаган 39 имарат, ушул эле көчөдөгү жер тилкелери, соода үйү, дүкөн, кеңсе, темир жолу жана Матросов көчөсүндөгү резервуар, 18 цех, 9 кампа бар.

Мындан сырткары “Медиа Форум” ишканасынын мүлкүнө, Чолпон-Ата шаарынын курорттук аймагындагы бүтө элек эки объект, жер тилкеси камакка коюлду.

Буга чейин Алмазбек Атамбаев Кой-Ташта тарапташтары менен жолугушууга чыккан учурда банктык эсептери жана уячасы жок экенин билдирген.

Алмазбек Атамбаев 8-августта ИИМдин атайын операциясынан соң кармалып, УКМКнын тергөө абагына камакка алынган. Биринчи май райондук соту анын бөгөт чарасын карап 26-августка чейин УКМКнын тергөө абагына камоо чечимин кабыл алган. Бүгүн шаардык сот бул чечимди күчүндө калтырды.

Башкы прокуратура Атамбаев бир катар оор жана өзгөчө оор кылмыштарга шектелип жатканын билдирген. (КЕ)

XS
SM
MD
LG