Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:55

Аба ырайы: тоолордо кар жаайт


16-августта көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Кээ бир тоолуу райондордо жана тоо этектеринде жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 17-22 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн 10…15, күндүз 22…27;

Таласта түнкүсүн 8…13, күндүз 20…25;

Баткенде, Ошто, Жалал-Абадда түнкүсүн 12…17, күндүз 23…28;

Ысык-Көлдө түнкүсүн 8…13, күндүз 16…21;

Нарында түнкүсүн 6…11, күндүз 17…22 градус болот.

16-августта Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 15-20 метрге жетиши мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн 12…14°, күндүз 25…27° болот.

XS
SM
MD
LG