Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев «Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы боюнча УКМКнын кызматкерлеринен маалымат алып турган» деген сөздөрдү четке какты.
Ал бүгүн Ички иштер министрлигине суракка кирип баратып журналисттерге берген комментарийинде атайын кызматтын кызматкерлери менен бир жарым жылдан ашык убакыттан бери байланыша элек экенин айтты.
- «Сегизбаевдин адамдары» деп атышат. Алар ким? Эгерде Сегизбаевдин адамдары болсо аларды жазаласын да. УКМКда менин адамдарым жок. Мен 2 жыл 3 ай төрага болуп иштедим. Ошондо мен «Сегизбаевдин кишиси» деп бирөөнү да алып келген жокмун.
Ал 7-8-августта Кой-Таш айылында болгон окуялар боюнча Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө кызматына сурак бергени кирип кетти.
Бүгүн күч түзүмдөрүнүн башчылары уюштурган басма сөз жыйынында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Орозбек Опумбаев мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы боюнча Абдил Сегизбаев менен мурдагы ички иштер министри Улан Исраиловдун күч түзүмдөрүндөгү адамдары маалымат берип турушканын айткан. (BTo/KE)