Гонконгдун башчысы Кэрри Лам дээрлик он жумадан бери токтобой жаткан нааразылык акцияларынан улам Кытайдын бул аймагы «опурталдуу кырдаалга» туш болгонун билдирди.
Ал 13-августта басма сөз жыйынын өткөрүп, эмоционалдуу билдирүү жасады. Кэрри Лам демонстранттарды сабырдуулуука чакырып, зордук-зомбулук «кайра кайтып келүүгө мүмкүн болбогон жагдайга кептейт» деп эскертти.
Бирок Гонконгдун башчысы нааразылык акциясына чыккандардын талаптарын аткаруудан баш тартты.
- Бир саамга токтоп, биздин шаарыбызды, биздин үйүбүздү карагылачы. Биз аны туңгуюкка түртүп салып, кыйрап-талкаланып жатканын карап тура алабызбы? - деди Лам.
Басма сөз жыйынында Гонконгдун башчысына курч суроолор берилди жана Лам көз жашын кармап, ыйлап жибергенге аз калган учур дагы болду.
Ал арада Гонконг эл аралык аэропорттунун иши калыбына келди. Мунун алдында башкы терминалдагы төрт күндөн бери уланып жаткан нааразылык акцияларынан улам авиакаттамдар үзгүлтүккө учураган болчу.
Соңку нааразылык акцияларында полиция менен демонстранттардын кагылышуусунда ондогон адам жабыркады.
Шаарда кылмышка шектүүлөрдү Кытайга өткөрүп берүүгө жол ачкан мыйзам долбооруна каршы демонстрациялар июнь айынан бери токтобой жатат.
Гонконгдун башчысы Кэрри Лам документти «өлүк» деп атаганы менен оппозиция долбоордун парламенттен биротоло кайтарылып алынышын, аймактын жетекчисинин кызматтан кетишин талап кылууда.
Өткөн аптада Кытайдын Мамлекеттик Кеңешинин Гонконг жана Макао боюнча кеңсесинин башчысы Ян Гуан демонстранттарды «от менен ойнобоо» тууралуу эскерткен.
1842-жылы Британия ээлеп алган Гонконг 1997-жылы өзгөчө укуктары бар, демократияга жана эркиндиктерге кепилдик берилген атайын аймак катары Кытайга кайра кайтарылып берилген.