«Медиа өнүгүү борбору» жана Маалымат каражаттарынын үстүнөн түшкөн арыздарды караган комиссия Кыргызстандагы соңку кырдаал учурунда бир катар телеканалдардын эфири үзгүлтүккө учураганына, уюктук байланышка жана Интернетке коюлуп жаткан чектөөлөргө тынчсыздануусун билдирди.
Уюмдун 8-августта тараткан кайрылуусунда бул жагдай бийликтин өлкөдө тынчтыкты камсыз кылуу аракети катары сыпатталып, сөз эркиндигин чектөө экени айтылды. Ошондой эле маалымат таратуудагы мындай тоскоолдуктар ар кандай ушак-айыңдардын тарашына жана чагым жаратууга өбөлгө болору эскертилди. Кайрылууда Кыргызстандын «Журналисттин кесиптик ишмердигин коргоо жөнүндөгү» мыйзамынын талаптары да бузулуп жатканы жазылган.
«Медиа өнүгүү борбору» жана Маалымат каражаттарынын үстүнөн түшкөн арыздарды караган комиссия бийликтен чектөөлөрдү алып салууну өтүндү. Андан тышкары, кооптуу кырдаалга карабай тобокелге салып курч жагдай жаралган жерде жүргөн журналисттерге ыраазычылык билдирди жана жеке коопсуздукту сактоо баарынан маанилүү экенин эскертти.
7-августта Чүйдүн Кой-Таш айылында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы башталгандан соң уюктук байланыш жана Интернет начарлаган. «Акнет» компаниясынын пакетиндеги «Апрель», «ОшТВ», «Ынтымак», «7-канал» өңдүү телеканалдар көрсөтпөй калды. Санарипте да бир канча канал өчкөнү айтылууда. Бийлик буга комментарий бере элек. «Акнет» мунун техникалык себептерге байланыштуу экенин айткан. Андан мурун Нарындын Солтон-Сары кениндеги нааразылык акциялары чыгып, аймакта Интернет начар иштей баштаган.
«Азаттыктын» окурмандары да azattyk.org сайты кээ бир жерлерде ачылбай жатканын билдиришкен. (SE)