Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:55

Иран ФИФАнын аял күйөрмандар боюнча талабын четке какты


Иранда кыз-келиндердин стадиондордогу спорттук иш-чараларды көрүшүнө тыюу салынышын сындаган пикирлер күчөдү.
Иранда кыз-келиндердин стадиондордогу спорттук иш-чараларды көрүшүнө тыюу салынышын сындаган пикирлер күчөдү.

Ирандын башкы прокурору Мохаммад Монтазери Футбол боюнча эл аралык федерациянын (ФИФА) «аялдардын футбол стадиондоруна барышы чектелбесин» деген талабына байланыштуу комментарий берди. «Isna» маалымат агенттигиндеги маегинде ал «кыз-келиндер стадионго барып футбол көрүшү керекпи же керек эмеспи, албетте ФИФАнын иши эмес» деп айтты.

Мунун алдында ФИФА эгер Тегеран мындай 40 жылдык тыюуну албаса анда тандоо оюндарына катышпай каларын эскерткен.

ФИФАнын президенти Жанни Инфантино Ирандын футбол боюнча федерациясына кат жазган жана да Катарда 2022-жылы өтө турган футбол боюнча дүйнөлүк чемпионатка тандоо оюндарына аялдардын да барышына уруксат берилишин талап кылган. Ал Иран президенти Хасан Роуханинин аялдардын стадиондо өткөн спорттук иш-чараларга барышына тыюу салган чечимди жокко чыгаруу боюнча чакырыгы аткарылбай жатканын өкүнүчүн билдирген.

Жанни Инфантино Тегеранды 15-июлдан кеч калбай ушул күзүндө баштала турган тандоо оюндарына билеттердин бардык жарандарга сатылышына уруксат беришин талап кылган.

Иранда 1979-жылкы Ислам революциясынан бери кыз-келиндерге стадиондорго барып футбол көрүүгө жол берилбейт. ФИФА бул чектөөнү алдырууга бир канча жылдан бери аракет кылып келе жатат.

XS
SM
MD
LG