Акыйкатчыга Бишкек шаарынын тургуну В. Данилова аттуу жаран документтерине байланыштуу мекенине кайта албай жүргөн апасынын маселесин чечип берүүнү өтүнүп кайрылган.
Маалыматка ылайык, П. Данилова аттуу жаран 2007-жылы Орусияга иштегени кетип, катуу ооруп калган. Бул аралыкта паспортунун мөөнөтү өтүп кетип, андан бери мекенине кайта албай жүрөт.
Акыйкатчынын Орусиянын Ханты-Мансийск аймагындагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү бул окуя боюнча Свердлов облусундагы Кыргызстандын Башкы консулдугуна кайрылган учурда жаран өзү келиши керек деген талап коюлган. Бирок Н. Данилова ден соолугуна байланыштуу Башкы консулдукка бара албай жатат.
Мындан улам Акыйкатчы институту Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигине маселени чечип берүүнү өтүнүп кайрылды. Ал жаранга мекенине кайтуу үчүн зарыл болгон документ берилсе, Бишкектен 12 жылдан бери көрө элек кызы тосуп алууга жана кам көрүүгө даяр. (TSh)