Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:38

Навальныйдын фонду Москва мэринин орун басарынын 6,5 млрд. рублдик мүлкүн тапты


Наталья Сергунина.
Наталья Сергунина.

Орусиядагы оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйдын Коррупцияга каршы күрөшүү фонду Москва мэринин аппарат башчысы Наталья Сергунинанын жалпы суммасы 6,5 млрд. рублдик кыймылсыз мүлкүн тапты.

Объекттердин бир бөлүгү мэрия өткөргөн акцияондо сатылып алынган. Анын баасы аукциондун баштапкы, старт алган баасынан көп айырмаланбайт. Сергунина 2019-жылы шаардык кеңешке шайлоону көзөмөлгө алат, ага чейин экономика жана мүлк маселелери боюнча жооптуу болгон.

Фонддун иликтөөсүнө караганда, Сергунананын күйөө баласы (сиңдисинин күйөөсү Лазер Сафаниев) башкарган компания офшордогу байланыштар аркылуу шаардан тарыхый кыймылсыз мүлк сатып алган жана ал жерде мейманкана ачкан.

Сафаниев Садовое айланмасындагы “Бронная Плаза” бизнес-борборуна Жаңы Арбаттагы “Октбярь” кинотеатрынын 40 пайызына ээлик кылат. Ал эми ВДНХдагы “Оттепель” жана “Московское небо” ресторандары турган эки павильондун ээси Сергунинанын сиңдиси Ирина экени жазылган.

Наталья Сергунина күйөө баласы менен сиңдисинин кирешесин жана мүлкүн декларацияга киргизүүгө милдеттүү эмес экенин айтууда.

Сергунина мэриянын аппаратына 2018-жылы Анастасия Ракованын ордуна келген. Ракованын кетиши Кремлдин басымына байланыштуу экенин “Медуза” басылмасы жазган.

XS
SM
MD
LG