Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:35

БУУ: “Ислам мамлекети” жеңилди, бирок жанданышы мүмкүн


Сирия. 2018-жыл
Сирия. 2018-жыл

“Ислам мамлекети” экстремисттик тобу Иракта жеңилгени менен анын көмүскө очоктору кайра жанданышы мүмкүн. Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун серепчилер тобу ушул жумада коопсуздукка арналган эл аралык жыйында кабарлашты. Алардын мындай тыянагы Улуттар Уюмунун экстремисттик топтор тууралуу кварталдык отчетуна негизделген.

Баяндамада “Ислам мамлекети” экстремисттик топтун борбордук тартылуу очогу анын лидери Абу Бакр ал-Багдади жүргөн Ирак болуп жатканы айтылат. Террордук топ мартта Сириянын Багуз аймагындагы акыркы таянычын жоготкон. Ошондон бери ал акыркы кырдаалга ылайыкташып жашап кетүүгө, маанилүү багыттарда бекемделүүгө жана жергиликтүү аймактарда тынч алып калган очокторуна кайтууга аракеттенүүдө.

Ирак менен Сириянын аймагында халифат түзүүнү көздөгөн согушкер уюм 2013-жылы эки өлкөнүн бир катар аймактарын мыкаачылык менен ээлеп алган.

2018-жылы АКШ президенти Дональд Трамп “Ислам мамлекети” тобу кыйраганын маалымдаган.

XS
SM
MD
LG