Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:53

30-июлга карата аба ырайы тууралуу маалымат


Суусамыр.
Суусамыр.

30-июлда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда жана тоо этектеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жаан-чачын болбойт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн 19…24, күндүз 30…35;

Таласта түнкүсүн 13…18, күндүз 28…33;

Баткенде, Ошто, Жалал-Абадда түнкүсүн 19…24, күндүз 34…39;

Ысык-Көлдө түнкүсүн 15…20, күндүз 25…30;

Нарында түнкүсүн 12…17, күндүз 27…32;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн 0…5, күндүз 13…18 градус болот.

Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн 22…24°, күндүз 33…35° болот.

Чолпон-Атада түнкүсүн жаан-чачын болбойт, күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 17…19°, күндүзгү жогорку температурасы 25…27°.

XS
SM
MD
LG