Ишембиде Москвада өткөн “Таза шайлоо үчүн” митинги учурунда кармалгандардын 600гө жакыны москвалык эмес экенин Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Башкы башкармалыгы тараткан билдирүүдө айтылат. Маалыматка караганда, алардын көбүнүн Москвада каттоосу жок чыкты.
27-июлда Москвада шаардык думага шайлоого катыша албай калган талапкерлерди колдогон акция өттү. Полиция ага 3,5 миңдей адам катышканын кабарлады. Митингге чыккандарды кууп таратуу маалында миңден ашык адам кармалды. ИИМ 1074 киши кармалганын айтса, “ОВД-Инфо” порталы кармалгандардын саны 1400гө жете турганын билдирүүдө. Алардын 150дөйү эки күнгө камалган.