Түндүк Вазиристан жана Белужистанда согушкерлердин кол салуусунан кеминде 10 жоокер өлгөнүн Пакистандын армия жетекчилиги билдирди. Маалыматка караганда, 27-июлда ооган чек арасы тараптан ок чыгарган алгачкы кол салууда алты аскер мерт болгон, андан соң атышууда дагы төрт жоокер жан берди. Бул кол салуу үчүн жоопкерчиликти “Техрик-е Пакистан талибан” деп аталган уюм алган.
Премьер-министр Имран Хан 27-июлдагы кол салууда каза болгондордун үй-бүлөсүнө көңүл айтты.
“Мен улуттук коопсуздукту сактоо үчүн жанын аябай кызмат кылып жаткан аскер кызматкерлери менен сыймыктанам”,- деп жазды ал “Твиттерге”.
Түндүк Вазиристан эбактан бери эле пакистандык талибдер жана башка согушкер топтордун баш калкалоочу жайы болуп калган. Согушкерлер бул аймакта Пакистандын армиясы сүрүп чыгарганча - 2014-жылга чейин жашынып келген. Андан соң согушкерлердин көбү Ооганстанга качышкан.
Пакистан согушкерлердин жылып жүрүүсүн жана чек ара аралык операцияларды токтотуу максатында Ооганстан менен 2600 чакырым чек арасын 2017-жылы тосо баштаган. Аскерлер анын 900 чакырымы тосулуп бүткөнүн буга чейин кабарлаган.
Ал эми Белужистан Ооганстан, Иран менен чектешкен Пакистандын ири провинциясы. Соңку учурда бул аймакта согушкерлердин зомбулугу күчөгөнү байкалууда.