Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:04

Украина: парламенттик шайлоонун акыркы жыйынтыгы жарыяланды


Жогорку Рада
Жогорку Рада

Украинанын Борбордук шайлоо комиссиясы 26-июлда парламенттик шайлоонун расмий жыйынтыгын жарыялады. Ага ылайык, президент Владимир Зеленскийдин "Эл кызматчысы" партиясы добуштардын 43,16 пайызын алды.

Орусияга ыктаган "Оппозициялык платформа - Жашоо үчүн!" партиясына 13,05 пайыз добуш тийди.

Үчүнчү орунду Юлия Тимошенканын "Батькивщина" партиясы 8,18 пайыз менен алды.

Мурдагы президент Петр Порошенконун "Европалык тилектештик" партиясын шайлоочулардын 8,10 пайызы колдоду.

Украин парламентине ошондой эле рок-аткаруучу Святослав Вакарчуктун "Добуш" партиясы өттү. Бул партия 5,82 пайыз добуш алды.


БШК бир мандаттуу округдардагы шайлоонун жыйынтыгын да жарыялады. Жогорку Рададагы 450 депутаттын 199 бир мандаттуу округдан шайланды. Бул жакта дагы Владимир Зеленскийдин партиясы көрсөткөн талапкерлер атаандаштарынан алда канча көп добуш алды.

Жогорку Раданын жаңы чакырылышында "Эл кызматчысы" партиясынан 254 депутат болот, бирок алар өз алдынча башкаруучу коалицияны түзө албайт.

Украинада мөөнөтүнөн мурда шайлоо 21-июлда өткөн. Өлкөнүн эгемен тарыхында бул жолку шайлоодо активдүүлүк өтө төмөн болду. Анда шайлоочулардын теңине жакыны гана добуш берди.

XS
SM
MD
LG