Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:03

Башкы прокуратура алты айда коррупциялык иштерден 47 млн. сом өндүрдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

26-июлда башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовдун катышуусунда башкы көзөмөл органынын ушул жылдын алгачкы алты айында аткарган иши тууралуу жыйын өттү.

2019-жылдын биринчи жарым жылдыгында (январь-июнь) коррупцияга каршы 1640 текшерүү болуп, 1376 прокурордук чара көрүү актысы түзүлгөн. Анын жыйынтыгында 47 млн. 614 миң 991 сом бюджетке кайтарылган.

Башкы прокуратуранын расмий сайтындагы маалыматка караганда, мыйзамдардын аткарылышы боюнча алты айда прокуратура тарабынан 2709 текшерүү болуп, 3161 прокурордук чара көрүү актысы келтирилген. Жыйынтыгында 79 млн. 480 миң 808 сом өндүрүлгөн.

Ошондой эле жарандардын укугун жана эркиндигин коргоо боюнча 1051 текшерүү болуп, мамлекеттик бюджетке 8 млн. 747 миң 321 сом кайтарылган. (BTo)

XS
SM
MD
LG