Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:55

Чек ара кызматы: кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу


Кыргызстандын мамлекеттик чек ара кызматы кыргыз-тажик чек арасында абал салыштырмалуу тынч экенин кабарлайт.

23-июль күнү кечинде Баткендин Дача аймагында эки өлкөнүн чек ара кызматынын башчылары, ички иштер министрлери жолугушту. Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өз аймагындагы конуштардагы тартипти камсыз кылуу тууралуу чечимди кабыл алышты. Эки өлкөнүн чек арачылары чатак чыккан аймакты биргелешип көзөмөлдөмөй болушту.

Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, чек арадагы чырда 17 киши жабыркап, ооруканага жаткырылды. Алардын 14үнө ок жаңылса, үчөөнө таш тийген. Тажик тарап бир киши каза болгонун, дагы жети киши жараат алганын билдирип жатат.

Кыргыз тараптын маалыматына караганда, 22-июлда кечки 17:20 чамасында Ворух айылынын кире беришиндеги такталбаган жерге Тажикстандын желегин орнотуу учурунда эки тарап чырдаша кеткен. Ворух айылына чектеш Кыргызстандын Ак-Сай айылынын тургундары желек орнотууга каршы болгон.

Тажикстандын чек ара кызматы болсо, кыргыз жарандары "Ак-Сай айылы" деген жазууну орнотууга аракет кылганына ворухтуктар нааразы болуп, чыр ушундан улам чыкканын билдирүүдө.

Исфара – Ворух автотрассасында кыймыл токтотулган. Ошондой эле Тажикстандын жарандары Исфана – Баткен жолун тосуп алышкан.

Эки тарап чырдын себептерин иликтеп, жаңжал уланып кетпеши үчүн алдын алуу иштерин жүргүзүп жатат. (TSh)

XS
SM
MD
LG