Сентябрь айынан тарта маданият чөйрөсүндө иштеген мугалимдердин айлыгы көбөйөт. Ал эми октябрь айында Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен каржыланган музей кызматкерлеринин айлыгы 80% көбөйөт.
Бул тууралуу министр Азамат Жаманкулов “Азаттыктын” “Эки бир” берүүсүндөгү маегинде билдирди.
Буга чейин өкмөт маданият кызматкерлеринин айлыгын былтыр көбөйткөн.
Ушул тапта Кыргызстанда 54 музей бар. Анын көпчүлүгүндө 1985-жылдан берки эски экспонаттар турат. (КЕ)