Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:14

Патрулдук милициянын катаал сынагы


Патрулдук милицияга киргиси келгендер тест тапшырып жатышат. 17-июнь, 2019-жыл.
Патрулдук милицияга киргиси келгендер тест тапшырып жатышат. 17-июнь, 2019-жыл.

Бишкекте түзүлө турган Патрулдук милицияга кызматкерлерди тандап алуу сынагынан 102 талапкер өтпөй калды. Арасында Ички иштер министрлигинде (ИИМ) иштеп жаткан 61 кызматкер бар.

Министрлик жарыялаган сынактын биринчи турунан 356 адам өтүп, окуй баштады.

Коомчулукта «жаңы түзүлө турган Патрулдук милицияга кызматкерлерди тандап алуу калыс жүрбөй, комиссиянын мүчөлөрүнө басым болуп жатканы» айтылды. Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы дооматтарды четке кагууда.

Патрулдук милицияга кызматкерлерди алуу боюнча Ички иштер министрлиги (ИИМ) жарыялаган сынакка катышуу үчүн 1291 киши документ тапшырган. Анын ичинен 1107 киши тестке катышып, тесттен 99 адам өтпөй калган. Ал эми тесттен өткөн талапкерлердин физикалык даярдыгы текшерилип, үчүнчү баскычта комиссия мүчөлөрү менен аңгемелешүү болду. Анын жыйынтыгында 356 адам тандалып алынып, 102 киши сынактан кулап калды. Комиссиянын сынынан өтпөй калган 102 адамдын 61и учурда Ички иштер министрлигинде (ИИМ) ар кандай кызматтарда иштейт.

Патрулдук милицияга кызматкерлерди тандап алуу боюнча комиссиянын мүчөсү, «Жол коопсуздугу» коомдук бирикмесинин директору Чынара Касманбетова ИИМдин кызматкерлери эмне себептен сынактан кулаганын мындайча түшүндүрдү.

Чынара Касмамбетова.
Чынара Касмамбетова.

«Аңгемелешүүдө азыр күч тармагында иштеп жаткандар алардын күнүмдүк жасап аткан иштери боюнча жөнөкөй эле суроолорго жакшы жооп бере албай коюшту. Ошол 61 киши иштеп жаткандыктан өз жумушун так билиши керек болчу. Эми жалпы эле суроолорду берип көрөлүчү деп Конституцияга байланыштуу суроолорду, «биздин премьер-министр ким?» деген жөнөкөй эле суроолорду бердик. Бирок так жооп бере алышкан жок. "Алар өздөрү жасап жаткан иши тууралуу айтып бере албаса, кантип иштейт?" деп, комиссиянын мүчөлөрү төмөн баа бердик».

Тандоо баскычынан өтпөй калган Ички иштер министрлигинин (ИИМ) 61 кызматкеринин арасында Бишкектин жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын учурдагы башчысы Шаирбек Бопонов анын орун басары Мирлан Чалыбаев да бар.

Бопонов Патрулдук милициянын жетекчилигине, Чалыбаев орун басарлыкка ат салышкан. Шаирбек Бопоновдун дагы бир орун басары Мирлан Боёнов Патрулдук милициянын жетекчи орун басарлыгына жактырылды.

Жаңы түзүлчү кызматка жетекчилерди тандап алуунун шарттары кандай болгонун комиссиянын мүчөсү, «Реформалар жана натыйжа үчүн» жарандык бирикмесинин өкүлү Урмат Казакбаев айтып берди.

Урмат Казакбаев.
Урмат Казакбаев.

«Патрулдук милицияда бир жетекчи жана эки орун басары болот. Орун басарлыкка төрт киши талапкерлигин коюп, бирөөнү тандадык. Калган үчөөнүн тажрыйбасы аз экен. Кээ бирлери жөнөкөй эле суроолорго жооп бере албай кыйналып турушту. Ал эми жетекчиликке эч кимди тандаган жокпуз. Анткени жаңылануу болуп жаткандыктан жаңыча көз караштагы адам келиши керек. Азыр иштеп жаткан жетекчинин жооптору (ред: Шаирбек Бопонов) комиссияны канааттандырган жок. Мүмкүн экинчи турда жакшы программа менен келсе өтүп кетет».

Сынактан өтпөй калган жетекчилер азырынча комментарий берише элек. Талапкерлерди караган комиссия 16 кишиден турат. Анын 12си жарандык коомдун өкүлдөрүнөн, калган төртөө Ички иштер министрлигинен кирген. Комиссияны жол коопсуздугу боюнча органды реформалоо үчүн түзүлгөн эксперттик топтун башчысы Тамерлан Ибраимов жетектейт. Комиссияда Бишкек шаардык Ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Канат Жумагазиев да бар.

Жарандык активист Шаирбек Маматокторов «дал ушул Канат Жумагазиев комиссия мүчөлөрүнө басым кылып, сынактан ким өтөөр-өтпөсүн чечип жатат» деп айыптап чыкты. Ал Патрулдук милицияны түзүү башынан эле мыйзамсыз иштер менен коштолуп жатканын белгилеп президентке кайрылды.

Шаирбек Маматокторов.
Шаирбек Маматокторов.

«Менде Канат Жумагазиевде да, Шаирбек Бопоновдо да эч кандай ишим жок. Сооронбай Шарипович сиз комиссияны түзүп коюп эле таштап салбай аны көзөмөлдөйсүзбү? Комиссиянын жыйынтыктарын биз көрбөсөк да эч кур дебегенде сиз өзүңүз көрүп ынанып жатасызбы? Анткени президент өзү түзгөн комиссияга өзү жоопкер да. Ээрге отурганда эле ишти туура эмес баштап атышса кантип ишенебиз? Комиссиянын иши бүдөмүк. Ошондуктан Грузия, Украинадагыдай жаңы милицияны көрбөйт окшойбуз. Жөн эле атын өзгөртүп, кызматтарды бириктирип, ажыратып эле отурушат».

Бирок комиссиядагы жарандык коомдун өкүлдөрү Канат Жумагазиев комиссияга басым кылбаганын, тескерисинче чечим кабыл алууда жарандык коомдун атынан келгендердин добушу чечүүчү болуп жатканын билдиришти. Ал эми Жумагазиев өзү комментарий бере элек.

Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз кызматынын жетекчиси Тилек Исаев комиссияга айтылган сындарга жооп берди.

Тилек Исаев.
Тилек Исаев.

«Комиссияда бирөө экономикалык жагын, экинчиси саясий тарабын карап, мамлекеттик кызматкерлердин ишине баа бере турган адамдар отурат. Бул комиссия бардык ишке калыс карайт. Ошондуктан алардын чечимине баа бере албайбыз. Алардын чечими акыркы чечим».

Бишкекте түзүлчү Патрулдук милицияга 871 кызматкер талап кылынат. Биринчи турдун жыйынтыгы менен тандалып алынган 356 адам эми үч айлык окуудан өтөт. Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы калган бош орундарга тандап алуу сынактары кийинки жумада башталарын кабарлады.

Мекеме Патрулдук милиция алгач 2019-2020-жылы пилоттук негизде баш калаада ишке ашып, кийин башка облустарда да иштей баштарын жарыялаган. Бул жолу сынакка күч тармагында иштегендерден тышкары жөнөкөй жарандар да катышты.

Долбоордун жетекчилери Патрулдук милициянын материалдык-техникалык базасы жакшыртылып, кызматкерлердин айлыктары 21 миң сомдон 30 миң сомго чейин болорун убада кылышууда.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG