Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:52

Пакистандын премьер-министри Вашингтонго сапар алууда


АКШ президенти Дональд Трамп менен Пакистандын премьер-министри Имран Хан (оңдо).
АКШ президенти Дональд Трамп менен Пакистандын премьер-министри Имран Хан (оңдо).

АКШнын президенти Дональд Трамп Пакистандын премьер-министри Имран Хан менен кездешүүдө Исламабадды өлкө ичиндеги террордук уюмдарга каршы күрөштү күчөтүүгө, Ооганстандагы тынчтык процессин жигердүү колдоого үндөгөнү жатат. Былтыркы шайлоодо жеңип, өкмөт башына келген Хан дүйшөмбү күнү алгачкы расмий сапар менен Вашинтонго сапар алууда. Ал Америкада Пентагондун, коопсуздук, финансы, энергетика тармактарынын өкүлдөрү менен да жолугушмакчы.

АКШнын расмий адамдары Ооганстанда 18 жылдан бери уланып келаткан согушка чекит коюуда Исламабаддын колдоосу негизги фактор экенин белгилеп келишет.

Вашингтон менен Кабул Пакистанды "өз аймагында талиб согушкерлерин жашырып келатат" деп көптөн бери айыпташууда. Трамп бийликке келгенден көп өтпөй Исламабадга акчалай жарда берүүнү токтотуп койгон.

Пакистан айыптоолорду четке кагып келет. Ошол эле маалда айрым эксперттер Хандын визити алдында Пакистан 2008-жылы Индияда чабуул уюштурган террордук уюмдун анабашы Хафиз Мухаммад Саидди камоо менен айрым чегинүүлөргө барганын айтышууда.

XS
SM
MD
LG