Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:09

Жапон полициясы аниме-студияны өрттөгөн кишини камоого ордер алды


Жапонияда өрттөлгөн аниме-студия. 18-июль, 2019.
Жапонияда өрттөлгөн аниме-студия. 18-июль, 2019.

Жапон полициясы Киото шаарында аниме-студияны өрттөөгө шектелген кишини камоого ордер алды. Ал денеси катуу күйүп калгандыктан ооруканага жаткырылган.

Шектүүнүн абалы турукташкандан кийин полиция аны камоого ниеттенүүдө.

18-июлда "Kyoto Animation" студиясынан чыккан өрттөн 34 киши өлүп, 30дан ашууну жарадар болгон. Шектүү имараттын ичине бензин чачып өрттөгөн. Бул тууралуу ал кармалгандан кийин айткан.

Өрттөлгөн "Kyoto Animation" студиясы 1981-жылы ачылган. Сериалдарды жана көркөм фильмдерди чыгарат. Студиянын эмгектеринин арасында «Меланхолия Харухи Судзумии», «Кланнад», «K-On!» тасмалары бар. Компаниянын башкы кеңсеси Киотодо жайгашкан.

XS
SM
MD
LG