Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:51

Жайлоонун касиетин качырып бүттүк


Суусамыр жайлоосу.
Суусамыр жайлоосу.

Бүгүнкү күндөгү жайыттардын жана жайлоолордун кейиштүү абалда экени айтылып келет. Малдын саны көбөйгөнү жайыт талаш дагы күч алды. Бул көйгөйдөн кантип чыкса болот? Канткенде жайлоолордун экосистемасын сактап калабыз? "Жашыл планета" берүүбүздө ушул суроого жооп издейбиз.

Акималиев: Малдын санын көбөйтүп, жайытты унуттук

Бул суроого жооп алуу үчүн белгилүү академик, бир кезде айыл чарба министри болуп иштеген Жамин Акималиевге кайрылдык.

Жамин Акималиев: Жайлоо – бул табияттын элге берген баа жеткис байлыгы. Кыргызстандын жалпы аянты 20 млн. гектар болсо, анын 9 млн. гектарын жайлоо менен жайыт ээлеп жатат.

Соң-Көлдүн акыбалы оор. Жайытты туура колдонбогонубуз аз келгенсип, ар кандай той-топурдун баары ушул жерде өтөт. Адам көп барган жер булганат экен, чөп тебеленет дегендей.
Жамин Акималиев.

Биздин жайлоолордун абасы таза, дээрлик баарында дарылык касиети күчтүү чөптөр өсөт. Тилекке каршы, соңку жылдары биз жайлоонун, жайыттын экосистемасынын бузуп алдык.

Союз маалында малдын саны 10 миллиондон ашып кеткен. Бирок ошого карабай тоютка болгон муктаждыктын 60% жайлоолор жапчу. Ушу күндө кой-эчкинин саны 6,5 миллионго жетип калды. Жылкы, уй, топоз көбөйдү. Бирок жайлоо тоюттун 45% гана берет, бербесе жок.

Буга биз өзүбүз күнөөлүүбүз. Эгемендик алгандан бери айыл четиндеги жайыттарды талкалап, кырманга айландырдык. Алыскы жайлоолор бир нече жыл каралбай, ээн калды. Чөбү желбей, отоо басып кетти. Азыр аларга көчүп барып жатышат, бирок жайытты оңдоого маани бериле элек.

Кыскасы, туура пайдалануу системасынын жоктугунан ушу күндө жайлоолордун 3 млн. гектарга жакыны деградация болду. Азыр андан ажырап калуу алдында турабыз деп айтсам, жаңылышпайм.

“Азаттык”: Ошол экосистемасы бузулган жайлоолорду атай кетсеңиз?

Жамин Акималиев.
Жамин Акималиев.

Жамин Акималиев: Өтө чоң деградацияга учураган жайлоо - бул Суусамыр. Тогуз жолдун тоомунда турат. Соода кылгандын баары көчүп барган. Ар кандай объекттер салынып жатат. Адам жашаганы менен жайыт каралбай калды. Таштанды көбөйдү, анын баары кайра жер кыртышын, сууну булгап жатат.

Соң-Көлдүн да акыбалы оор. Соң-Көл эми сонун көл деген сөз да. Абасы таза, дарылык касиетке бай чөптөр өскөн жайлоо эле. Аны да талкалап бүттүк. Туура колдонбогонубуз аз келгенсип, ар кандай той-топурдун баары ушул жерде өтөт. Адам көп барган жер булганат экен, чөп тебеленет дегендей. Таштанды, айрыкча желим баштыктар учуп көлгө түшүп жатат. Браконьерлерден калган торлор жатат. Кыскасы, деңиз деңгээлинен 3300 метр бийик турган бул жайлоонун да жанын койбодук.

"Жашыл планета" берүүбүздүн жайлоолор жана жайыттар тууралуу толук чыгарылышын аудиодон уга аласыз.

Соңку кезде Арпа жайлоосунун да абалы начарлай баштады. Бул жердин бетегеси абдан күчтүү. Аны жеген мал бат семирип, сүтү каймактуу болот. Мына ошол чөп азайып, ордун отоо басып баратат. Арпаны Нарын облусунун Ат-Башы, Ак-Талаа райондорунун эли жайлайт. Малдын саны көбөйдү, жайыт талаш күч. Бирок жайытка кам көргөн киши жок.

“Азаттык”: Абалды өзгөртсө болобу? 2008-жылы ушул жайыттар боюнча мыйзам кабыл алынса керек эле?

Коомдук уюм болгондуктан анын ишин эч ким көзөмөлдөй албайт, эч ким ишин тескебейт. Алар келип алып мамлекетке караштуу жайлоону башкарып жатат. Малдын түрүнө карап баасын бычып, бизнес кылышат экен.
Жамин Акималиев.

Жамин Акималиев: Ага убакыт жетти. Жайыт боюнча мыйзамга өзгөртүү киргизүү керек. 2008-жылы кабыл алынган мыйзам эскирип калды, аны азыркы шартка ылайыктап иштеп чыкпаса болбойт. Тез арада инвестиция тартып, программа кабыл алуу зарыл. Атайын адистерди, илимпоздорду жалдап, каражат бөлүп, жайыт пайдалануу системасын чогуу иштеп чыгуу керек.

Өкмөт жакында ирригацияны өнүктүрүү боюнча он жылга келишим түздү. Ага жайлоо менен жайыттарды да кошуу керек. Антпесе кээ бир жайыттарга суу жетпей какырап баратат.

Конституция боюнча жайыт менен жайлоо мамлекеттин менчиги. Демек жайыттарды башкаруу - бул мамлекеттик уюмдардын иши. Айыл чарба министрлиги, анын алдында Жайыт департаменти бар. Ушулар карашы керек эле. Тилекке каршы, Жайыт комитети деген түзүлгөн. Коомдук уюм болгондуктан анын ишин эч ким көзөмөлдөй албайт, эч ким ишин тескебейт. Алар келип алып мамлекетке караштуу жайлоону башкарып жатат. Малдын түрүнө карап баасын бычып, бизнес кылышат экен. Мамлекеттин жеринен коомдук уюмдар пайда көрүп атат сөздүн кыскасы. Ал акча райондордун өзүнө берилсе, президенттин “Аймактарды өнүктүрүү” деген программасына жардам болбойт беле. Ошол акча жайыттарды жакшыртууга жумшалса жаманбы? Кыскасы, кош бийликтин азабынан да жайлоо да, жайыттар да каралбай, талкаланып жатат. Ушуга абдан капамын да.

"Азаттык": Жайлоодо пайдалуу чөптүн ордун отоо, тикенек басып кеткени айтылып келет. Алардан кантип арылуу керек?

Жамин Акималиев: Илимдер академиясы биологиялык жол менен күрөшөбүз деп жатат. Дагы бири отоону химиялык жол менен жок кылууну сунуштап келет. Бул албетте, эффективдүү ыкма, бирок анда мал дагы, жайлоонун экосистемасы дагы зыян тартат. Бул жагын эске албаса болбойт. Бирок ошол иштерди жүргүзүү үчүн алгач илимий изилдөө, каражат керек. Илимий изилдөө мекемелеринин чамасы чак. Ошон үчүн атайын “Жайлоо” деген программа кабыл алып, каражатты кенен бөлүп, иш алып барбасак болбой калды.

Кунары качкан жайыттар
please wait

No media source currently available

0:00 0:22:14 0:00
Түз линк

“Азаттык”: Азыр жер-жерлерде малдын саны көбөйдү, ага жараша жайыт талаш күч алды. Балким жайытты жакшыртуу үчүн малдын санын азайтуу керектир?

Жамин Акималиев: Мен жогоруда төрт түлүктүн саны көбөйгөнүн айттым. 6,5 миллион кой-эчки оңой эмес. Жайытка кам көрө албагандан кийин мындан ары малдын башын көбөйтүүнүн кереги жок. Андан көрө сапатка көңүл буруу керек. Эт жана сүт багытындагы асыл тукум малды багууга өтөлү. Буга мамлекет колдоо көрсөтүшү керек. Таза эттин, таза сүттүн баарын эле тышка сата албайбыз. Демек аны талапка ылайык кайра иштеткен ишканаларды куруу керек. Ошондо гана ЕАЭБге, Европага азык-түлүктү чыгара алабыз.

Жайыт талаш күч алды

Соңку жылдары Кыргызстанда жайыт талаш күч алды. Айрыкча Нарын менен Кочкор райондорунун арасында бул маселе кызыл чеке урушка чейин жеткире баштады.

Кара-Кужур өрөөнүндөгү Кара-Жылга жайыты Кочкорго карайт. Аны Нарын районунун тургундары союз маалынан бери эле ижара алып келишкен.

Учурда бул жерде турак жай курулуп, чакан кыштак пайда болгон. Кочкор районунун тургундары жайытты пайдалангандар чөп айдап, үй куруп алгандарына нааразы.

Жайытка курулган тамдар талаш жаратты
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:33 0:00

Буга чейин 22-июнда Нарын районундагы Жерге-Тал айылынын 200дөй тургуну Кум-Бел жайлоосунда нааразылык акциясын өткөргөн.

Алар Кочкор районунун малчылары тез арада көчүп кетишин талап кылышкан. Ал эми кочкорлуктар ал жерде мыйзамдуу отурганын, кийинки жылга чейин эч кайда жылбай турганын айтышкан.

Кум-Бел жайлоосу Нарын районунун Жерге-Тал айыл аймагына карайт. Бирок өкмөттүн токтому менен 2020-жылга чейин Кочкор районунун Исакеев жана Кара-Суу айыл өкмөттөрүнө убактылуу пайдаланууга берилген.

Мындай жайыт талаш маселеси Жумгал, Ак-Талаа райондорунда да курч.

Нарындагы жайыт талаш
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:47 0:00

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG