Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:06

Ипподром чырына байланыштуу Касенов абакта отурганы белгилүү болду


Алмаз Касенов.
Алмаз Касенов.

2014-жылы өткөн Биринчи дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Чолпон-Ата шаарындагы ипподромду оңдоо ишинде коррупцияга аралашкан деген негизде Улуттук оюндар борборунун мурдагы жетекчиси Алмаз Касенов сегиз айдан бери камакта отурганы маалым болду.

Бул тууралуу “Азаттыкка” анын адвокаты Майрамбек Жумабеков 19-июлда билдирди. Анын айтымында, Касенов 2018-жылдын 21-декабрында камакка алынган. Учурда Бишкектеги №1 убактылуу тергөө абагында кармалып турат.

Касеновго Кылмыш-жаза кодексинин “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”, “Коррупция” жана “Документтерди жасалмалоо” беренелеринин негизинде айып коюлган.

“Ипподромдун курулушуна бөлүнгөн 10 миллион сомду Касенов жана курулуш компаниясынын жетекчиси өз ара бөлүп алган деген күнөөнү коюп жатышат. Учурда сот иши жүрүп, күбөлөр суралууда. Бул Чолпон-Ата шаарындагы ипподромду оңдоо чырына байланыштуу жаңы жагдай. Буга чейин да соттолуп, сот өкүмү чыккан”, - деди Касеновдун адвокаты Майрамбек Жумабеков.

Буга чейин ипподором чырына байланыштуу ишкер, "Темир Канат" ишканасынын директору Эркинбек Мергенбаевдин абакта отурганы гана айтылып келген. Касеновдун камалганы тууралуу маалымат берилген эмес.

2018-жылы августта Бишкек шаардык соту аты аталгандар боюнча өкүм чыгарып, Эркин Мергенбаевди алты, Алмаз Касеновду шарттуу түрдө беш жылга кескен.

Алмаз Касенов 2014-жылы Биринчи көчмөндөр оюндары өткөн жылы Дене тарбия жана спорт агенттигинин алдындагы Улуттук оюндар борборун жетектеп турган. Ат майдандын курулушуна жоопкер болгон. (GT)

XS
SM
MD
LG