Казакстан өз аймагы аркылуу Кыргызстандан бараткан оор жүктөрдү өткөрүү режимин жеңилдетет.
Буга байланыштуу макулдашууга кыргыз жана казак премьер-министрлери Мухаммедкалый Абылгазиев менен Аскар Маминдин 12-июлда, Бишкектеги жолугушуусунда жетишилди.
Өкмөттүн басма сөз кызматы Адилет Султаналиевдин белгилешинче, өкмөт башчылар чек ара аркылуу жүктү өткөрүү режимин либералдаштыруу боюнча сүйлөштү.
Анын жүрүшүндө эки тараптуу кызматташуунун учурдагы абалы жана башка бир катар актуалдуу темалар талкууланды. Абылгазиев эки өлкө саясий-экономикалык диалогду активдүү жүргүзүп, мамиле талаптагыдай деңгээлде өнүгүп жатканын белгиледи. Мамин соода жүгүртүүдөгү мүмкүнчүлүктөр толук пайдаланылбай жатканын, тиешелүү маселелерди карап чыгууга Казакстан даяр экенин айтты.
“Казакстан биздин күн тартибиндеги бардык маселелерди чечүүгө даяр. Бүгүнкү жыйын өкмөттөр тарабынан коюлган эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүгө жакшы түрткү берет. Өкмөттүн алдында коюлган тапшырма – кыска мөөнөт ичинде соода жүгүртүүнү жок дегенде 1 млрд. долларга жеткирүү”, - деди Мамин.
Казак премьер-министри Кыргызстанга расмий сапар менен бүгүн, 12-июлда келди. Эки өлкөнүн өкмөт башчылары чакан жана кеңири форматта жолугушуу өткөрүп, VIII кыргыз-казак өкмөт аралык кеңештин жыйынына катышууда.
Быйыл жазда Казакстан кыргыз-казак чек арасында эл керектөөчү товарлар жүктөлгөн автоунааларды текшерүүнү күчөтүп, “Ак-Тилек” чек ара өткөрмөсүндө автоунаалардын узун кезеги пайда болгон.
Кыргыз тарап чек арадагы кошумча текшерүүлөр Евразия Экономикалык Биримдигинин (ЕАЭБ) ченемдерин бузуп, товарларды эркин алып өтүү принцибине каршы келерин билдирген.
Абал эки өлкө өкмөт башчыларынын сүйлөшүүсүнөн кийинки макулдашуудан кийин жеңилдеген.(КЕ)