11-июлда Лахор шаарынын Белужистан провинциясын көздөй жүргүнчү ташып бараткан поезд жолдо жүк жүктөлүп турган вагонду сүзүп алды. Кырсыкта 16 адам өлүп, дагы жүздөй киши жарадар болду.
Полициянын маалыматына караганда, окуя таңга маал, Рахим-Яр-Хан шаарына жакын жердеги станцияда болгон. Кагылышуудан кийин поезддин кеминде үч вагону жолдон чыгып кеткен, башкы вагон толугу менен кыйраган. Кырсыктын себептери азырынча белгисиз.
Пакистанда адам өлүмү менен аяктаган поезд кырсыктары буга чейин да болгон. Темир жолдордун басымдуу бөлүгү XX кылымдын биринчи жарымында, британ оторчулугунун тушунда курулган жана ошондон бери дээрлик жаңыртылган эмес.