Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:01

Могерини ЕБ менен Борбор Азиянын мамилеси тууралуу пикирин айтты


Федерика Могерини
Федерика Могерини

Европа Биримдигинин (ЕБ) тышкы саясат боюнча жогорку өкүлү Федерика Могерини эл аралык кызматташтык жана өнүгүү боюнча Европа комиссары Невен Мимица менен чогуу билдирүү жасашты. Алар Евробиримдиктин Борбор Азия өлкөлөрү менен мамилесинин келечеги тууралуу пикирин айтышты.

4-июлда чыккан билдирүү жылдык «Евробиримдик – Борбор Азия» форматындагы жолугушуунун алдында жарыяланды. Тышкы иштер министрлеринин деңгээлиндеги бул жолугушуу 6-7-июлда Бишкекте өтөт.

Биргелешкен билдирүүдө « ЕБ Борбор Азия өлкөлөрүнүн социалдык, экономикалык же экологиялык чөйрөлөрдө азыркыдан да туруктуу болуу аракетин колдогусу келет. Бул демек, көз карандысыз жалпыга маалымдоо каражаттарын бекемдөө, жарандык коом үчүн шарттарды түзүү, укук үстөмдүгүн жана мамлекеттик башкарууну күчөтүү, коорупция менен күрөш, ошондой эле жаштар жана аялдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү дегенди билдирет» деп айтылат.

Майдын этегинде Борбор Азияга Европа кеңешинин төрагасы Дональд Туск келген.

XS
SM
MD
LG