Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:21

«Эки жээк» эмнени көздөйт?


Атамбаевдин тарапташтары өткөргөн митинг. 3-июль, 2019-жыл.
Атамбаевдин тарапташтары өткөргөн митинг. 3-июль, 2019-жыл.

Кыргызстанда Алмазбек Атамбаевдин кол тийбестигин алуу аны азыркы бийлик менен курч тирешүүгө жеткирди.

Бул жагдайда эки тарап тең таасирдүү саясий күчтөрдөн колдоо издеп, ар кимиси өзүнүн позициясын чыңдоого киришүү аракетинде.

Ал арада айрымдар Алмазбек Атамбаевди парламенттик шайлоонун алдында бийликке саясий күчтөрдү топтоого жөндөмдүү оппозициялык альянстын лидери катары сыпаттаса, кээ бирөөлөр аны өчөшүү деңгээлиндеги өзүн сот жоопкерчилигинен коргоону көздөгөн бийликтин каршылашы катары карашууда.

Саясий серепчилер өлкөдө ымала кылууга жана көп түрдүүлүккө мүмкүнчүлүк берген жаңы саясий жагдай түзүлүп калганын белгилешти.

Атамбаев оппозициялык альянс түзүүгө жарамдуубу?

Башында жаңы бийлик менен ымала түзүп, кийин мурдагы президенттин тегерегине ыктаган саясатчы Равшан Жээнбеков парламент жакында эле кол тийбестигин алган Атамбаевди сот жообуна тарттырбоонун зарылдыгына басым жасады. Ал мурдагы президентти оппозициялык альянсты түзүүгө жөндөмдүү бирден-бир саясатчы катары мүнөздөдү:

Равшан Жээнбеков
Равшан Жээнбеков

«​Азыркы күндө күчтүү оппозициянын ролун ким ойноп жатат? Мурдагы президент Алмаз Атамбаев ойноп жатат. Бул кимдир-бирөөгө жагабы же жакпайбы бул биздин реалдуу саясатыбыз. Биз бардыгыбыз биригип, бийликке каршылык көрсөткөндө, бийликти сындаганды жана бийликтин туура эмес иштерин айтканды үйрөнүшүбүз зарыл».

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин саясий күрөшкө кайтып келиши анын экс-президенттик кол тийбестигин алган учурга туура келди. Ошондон кийин мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Кой-Таш айылындагы үйүндө штаб уюштуруп, президент Сооронбай Жээнбековдун бийлигин тааныбай турганын жар салды.

Андан соң Атамбаев өз тарапташтары менен Бишкектеги "Медиа Форум" имаратынын астында митинг уюштуруп, алты талап коюп, аны аткарууга бийликке эки айлык мөөнөт койду.​

Конституциялык палатанын мурдагы мүчөсү, "Улуттар биримдиги" партиясынын аткаруу комитетинин төрайымы Клара Сооронкулова оппозициянын "тонун жамынган" Атамбаев бириктирүүчү саясий күч боло албастыгын белгиледи:

Клара Сооронкулова
Клара Сооронкулова

«​Бийликке каршы бирөө чыкса эле аны оппозиция деп атап, ага жеңил мамиле кылып калганбыз. Оппозиция деп мамлекетти башкаруу боюнча өзүнүн программасы, саясий идеологиясы жана туруктуу принциби бар күчтөрдү атайбыз. Бул жерде Атамбаевдин азыркы бийликке карата тиреши жүрүп жатат. Өзүн оппозиция деп атаганга Атамбаевдин эч кандай моралдык укугу жок. Ал болгону оппозициянын "тонун жамынып" чыгып жатат. Ал өзү түзүп кеткен системага өзү каршы чыкмак беле? Анын "билбей калдым, көрбөй калдым" дегенине ким ишенет? Азыр анын тегерегинде таасирдүү жана салмактуу саясатчылардан эч ким деле жок. Болгону Равшан (Жээнбеков - ред.) кошулду. Бирок Равшан жашырбай эле "шайлоого катышканга менде ресурс жок" деп ачык эле айтып жатпайбы. Демек булар кандайдыр бир платформанын айланасына эмес, шайлоого бирге баруунун гана амалын издеп жатышат».

Ошол эле кезде саясат талдоочулар радикалдуу талаптарды койгон митинг өткөрүү менен Алмазбек Атамбаев өз күчүн көрсөтүүнү көздөгөнүн белгилешти. Анын үстүнө анын катарына күн сайын экс-чиновниктер кошулганын жар салуу менен мурдагы мамлекет башчысы ачык тирешүүгө өткөнүн ишара кылды дегендер да болду.​

Колдоо издеген эки жээк

Алмазбек Атамбаев жактоочулардын катары калыңдашына үмүт артып, сыртта жүргөн саясатчы Өмүрбек Бабановдун да өлкөгө кайтып келишин колдой турганын айткан.

«​Мен азыр Бабанов менен байланышпасам да, "өлкөгө кайра кайтып келгенге анын укугу бар" деп, бир жылдан бери колдоп жатканымды көрүп жатасыңар. Бир күнү бышат. Анан эртедир-кечтир келип калабы, ким билет... Эми аны өзү чечет».

Мурдагы вице-премьер-министр Абдрахман Маматалиев азыр эки тарап тең таасирдүү саясатчылардан колдоо издеп жатканын айтып, муну шайлоо алдындагы саясий күчтөрдүн алака-катышы катары карады:

Абдрахман Маматалиев
Абдрахман Маматалиев

«​Интернетте "азыркы бийликтин өкүлдөрү Москвага барып, Бабановго жолугуп келишиптир" деген маалымат жөн жеринен чыкпаса керек. Аны эки тарап тең төгүнгө чыгарган жок. Азыр кырдаал башкачараак. Ошондуктан мурдагы президент Атамбаев да, азыркы бийликтин командасы да бир эле күч жеке басар бийлигин жүргүзө албасын түшүнүп калышты. Ошондуктан парламенттик шайлоонун алдында өздөрү каалагандай шайлоону көзөмөлдөп, өткөрүп алуудан мурун салмактуу жана таасирдүү саясий күчтөр менен ымалага келип, алардын арасынан келише алган тараптар менен сүйлөшүп, ыңгайлашуу иштери жүрүп жатканы байкалат. Бул эми шайлоону бир жактуу бурмалап өткөрүп, өздөрүнүн гана тарапташтарын парламентке алып келүүнү көздөгөн мурдагы күчкө салуу пландарынан караганда жакшы».

Ошол эле кезде саясат талдоочулар кайсы гана альянс болбосун тараптар болочок шайлоонун алкагында сунуштарын киргизип, өз шарттарын жана талаптарын коюп, ошого жараша ымалага келишерин белгилеп келишет.

Келишүүнү сунуштаган арачылык

Атамбаев алгач чамынып, кыр көрсөтүп, анан эми бийлик кандай жооп узатарын күтүп, токтоп турган жүрүшү саясий технологиянын кадимки классикалык үлгүсү катары бааланды.

Саясатчы Адахан Мадумаров окуялар мына ушул өңүттө өнүгө берсе, эки тараптын тиреши тереңдеп кетиши мүмкүн экенин айтып, кырдаалды жөнгө салуу чарасын сунуштады:

Адахан Мадумаров
Адахан Мадумаров

«​Бийлик азыркы учурдагыдай алешемдиктерди уланта берсе, анда Атамбаевди колдоп кете турган күчтөрдүн саны күн санап көбөйө берет. Бул мыйзам ченемдүү нерсе. Ошого жараша азыркы бийлик алсыздана баштайт. Эки тараптын тиреши күчөп, кырдаал курчуп кетүү коркунучу бар. Мындай жагдайда президент Жээнбековдун, экс-президент Атамбаевдин да же парламенттин эмес, тараптар кеңешип туруп, элге таянган, элдик өкмөт түзүү маселеси келип чыгат. Биз ушундай демилге аркылуу гана конституциялык жол менен кырдаалдан чыга алабыз».

Анткен менен бир катар жергиликтүү жана эл аралык аналитиктер мурдагы президент Атамбаевдин салмагын көбүртүп-жабырткан көрүнүш үстөмдүк кылып жатканын белгилешти.

«IHS Markit» маалымат борборунун улук талдоочусу Алекс Меликишвили Атамбаевдин бийликке кыр көрсөтүүсүн саясий кризис деп атоого негиз жок деп эсептейт.

Маекти толугу менен бул жерден окуй аласыз:

Саясат талдоочулар шайлоодон утуп чыгуу мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу үчүн буга чейин да саясий топтор өз ара бириккенин жарыялап, бирок марага жетпей ажырап кеткен учурлар болгонун мисалга алышты.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG