Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:54

Бекназаровдун уулу президенттик аппаратка кызматка барды


Руслан Бекназаров.
Руслан Бекназаров.

Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районундагы Кара-Суу айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы Руслан Бекназаров президенттик аппаратка кызматка барды. Өзү бул маалыматты «Азаттыкка» ырастап, аппараттын жарандардын кайрылуулары менен иштөө бөлүмүндө эксперт катары иштей баштаганын билдирди.

Бөлүмдүн башчысы Саякбай Субановдун айтымында, Бекназаровдун кызматтык милдетине аймактардагы жарандардан келген кайрылууларды талдоо жана аппараттын мындан аркы иш жүргүзүшү үчүн эксперттик сунуштарды берүү кирет.

Руслан Бекназаров саясатчы Азимбек Бекназаровдун уулу. Ал мурдагы президент Курманбек Бакиевдин тушундагы үй-бүлөлүк авторитардык башкаруу системасына каршы күрөшүү максатында 2008-жылы 24-декабрда түзүлгөн оппозициялык «Бириккен элдик кыймыл» (БЭК) партиясынын төрагасы болгон. 2017-жылы Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланган. Бир ай мурда өз каалоосу менен арыз жазып, кызматтан кеткен. (КЕ)

XS
SM
MD
LG