Германиянын коргоо министри Урсула фон дер Ляйендин талапкерлиги Европа Биримдигинин эң жогорку аткаруу органы - Европа комиссиясынын төрагасынын кызматына көрсөтүлдү. Мындай чечим Брюсселде шейшембиде уюмдун саммитинде кабыл алынганын Европа Кеңешинин төрагасы Дональд Туск кабарлады.
Эгер Европа парламенти Урсула фон дер Ляйендин талапкерлигин жактырса, ал Евробиримдиктин аткаруу бийлигин жетектеген алгачкы аял болуп калмакчы. Ал Германияда аялдардын арасынан чыккан биринчи коргоо министри болгон.
Брюсселдеги саммитте Европа комиссиясынын башчылыгына талапкер тандоо талаш-тартыш менен коштолду жана үч күнгө созулду. Негизинен бул кызматка барат дегендердин арасында голландиялык социал-демократ Франс Тиммерманстын аты көп аталып жаткан. Анын Дональд Туск жана Германиянын канцлери Ангела Меркел баштаган Евробиримдиктин бир топ лидерлери колдогон. Бирок Франс Тиммерманстын талапкерлигинин көрсөтүлүшүнө Борбор жана Чыгыш Европадагы бир топ өлкөлөр макул болгон жок. Андан сырткары Европарламенттеги оңчул-центристтик Европалык элдик партиясынын фракциясы каршы чыкты.
Урсула фон дер Ляйен орус бийлигин, Владимир Путиндин саясатын кескин айыптаган саясатчы экени белгилүү.